www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кутулуп кетпей жазасын тартсын!

Башкы прокуратура Жогорку Ке­ңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) иш козгоду. Шадиевге КМШнын Парламент аралык ассамблеясы тарабынан берилчү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң доллардын жоголушуна байланыштуу айып тагылууда. Учурда иш УКМКнын тергөө башкармалыгыңда иликтенип жатат.

Эми бул сагызгандай сак саясатчынын артын казса чуулгандуу бир иш чыгат, Маселен, энергетика министри болуп турганда Казакстандан уулуу көмүр алып келип, мамлекеттик казынага чыгым келтиргени боюнча козголгон кылмыш иши бар. Бул былыгы дагы көмүскөдө калбашы керек. Коррупция менен күрөш «кузгундарды» кустурууга багытталса, президенттин аброю артат...

Булак: "Фабула"

Последние новости