www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда ыктыярчылардын жана “Жардамдашуу оңой” фондунун көмөгү менен Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө жаткан кенже бейтаптар үчүн көчмө мектеп иштей баштады.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Госпиталдык мектеп” долбоорунун жетекчиси Лейла Келдибекова билдирди.

Азыркы тапта ыктыярчы мугалимдер рак оорулуу балдарга англис тили, математика, музыка, сүрөт жана кол эмгек сабактарын аптасына беш күн окутуп жатышат.

Буга чейин Кыргызстанда ооруканада узак убакыт жаткан балдарга арналган мындай долбоорлор жок болчу.

Расмий маалымат боюнча, учурда Улуттук онкология жана гематология борборунда 25 миң адам залал шишик оорулары менен каттоодо турат, анын үч миңден ашууну – балдар-деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости