www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө президенти Сооронбай Шарипович мамлекеттин өнүгүү процессин алга жылдыруу максатында ири реформаларды жүргүзүү аракетин көрүп баштады десек жаңылбайбыз. Коррупцияга каршы күрөш жана аны алдын алуу боюнча кадамдар болуп жатат, кадр саясатында аздыр-көптүр жылыштар бар. Бирок, «кой аксагы менен миң» дегендей, мамлекеттик деңгээлдеги тиешелүү иш-аракеттерге карабастан, коомчулуктун ишенимине доо кетирген айрым бир аткаминерлер же болбосо, «случайный чиновниктер” жеке кызыкчылыгын көздөп, көмүскөдө түрдүү мыйзамсыз иштер менен алек болушкан фактылар дагы жок эмес.

Эгерде тууганчылык, жердешчиликтен арыла албасак, акыйкаттуу, калыс иш жүрбөсө, анда “Кайда барсаң Мамайдын көрү” дегендей, калыптанып калган сормо саздан чыга албайбыз. Мисалы, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун ишмердүүлүгү тууралуу кеп кылсак, жемкордук, жең ичинен жеп-ичүү фактылары дал ушул мекемеде кадыресе көрүнүшкө айланган. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилери буга чейин “ай” дээр ажо, “кой” дээр кожо жок”, май-көл, сүт көлдүн үстүндө миллиондогон ири суммадагы акча каражаттарын уурдап келишкен, бул факты ачыкка чыгып, эч кимге жашыруун болбой калды. Ууручулук Атамбаевдин убагына орун алып, ашкереленген иш коомчулуктун бүйүрүн кызытты.

Биз ишенген мыйзам сакчылары 100 миңдеген, 200 миңдеген доллар өлчөмүндө пара алса, мамлекеттик кызматтарды ээлеген «Кыргызалтын» ААК Тогуз-Торо районунда башаламандыкты уюштурса, экс-президент мамлекеттин эсебинен бир эмес, эки үй салса, анан кантип биздин мамлекет оңолот. Бул көпчүлүккө жарыя болгон, ачыкка чыккан көрүнүштөр, ал эми биз билбеген, али уурулугу, паракорлугу ашкере боло элек мыйзамсыз иштер жок деп эч ким кепилдик бере албайт. Сооронбай Жээнбеков республикадагы мындай мыйзамсыз көрүнүштөрдү жоюу үчүн болгон аракетин жумшап, коррупция менен күрөштү жарыялады.

Албетте, президентке эл ишеним артып, өзүнүн жардамын аябайт. Андыктан, жогорку кызматтардагы аткаминерлердин мыйзамсыз иштерин сайып көрсөтүп, жемкордук, уурулук фактыларын ачууга салым кошуу ар бир кыргызстандык жарандын милдети. Жогоруда кеп болгондой, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун жетекчиси Тулебердиев Ренаттын мыйзамдын чегинен чыгып, фондду башкарууда өзүм билемдикке жол берип, фондду каалагандай калчап жатканы көпчүлүккө маалым болду. Акционердик коом мыйзамынын 37-беренесине ылайык, жыл сайын жалпы чогулуш өткөрүлүп, анда директорлор кенешине жана текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлап келген, бирок, жаны дайындалган Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Р.Тулебердиев кайрадан былгытма оюндарын баштаган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №716 токтомуна ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду 2018-жылдын башында директорлор кенешинин жана текшерүү комиссияларынын кадрлар резервин түзүүдө эки этап менен конкурс өткөрдү, 1-этапта тестирлөө жана 2-этапта ведомство аралык комиссия аркылуу ар бир кандидат менен жеке аңгемелешүү түрүндө болду.

Конкурстун жыйынтыгында ар бир катышкан кандидат рейтингдик баалоо менен резервдик тизмеге кириши зарыл. Фонддун жетекчиси Тулебердиев Ренат конкурсту өткөрүүдө кызматтык этиканы жана атаандаштык принциптерин бузуп, өзүм билемдикке салып, Фонддун кызматчысы А.Жакыбалиевди ведомство аралык комиссиянын мүчөсү болгондугуна карабай, директорлор кеңешинин резервине кандидат болуусуна жол берген, Ал гана эмес аңгемелешүү учурунда, А.Жакыбалиев өзү кандидат болуп, өзүнөн өзү экзамен алган. Бул эми укмуштудай парадокс, ошентип А.Жакыбалиев стратегиялык мааниге ээ эки ири ачык акционердик коомго: «Манас” эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун жана «РСК Банк» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды. Мындан улам Фонддун жетекчиси Тулебердиев Ренат конкурсту мыйзамсыз өткөргөнүн көрүүгө болот, “кол ийрисине тартат” дегендей, ал өзүнүн жакын адамын мыйзам бузуу менен директорлук кенешке алып келгени административдик кылмыш иши катары бааланып, укуктук жактан баа берилиши керек.

Албетте, бул жерде Ренат Тулебердиевдин жеке кызыкчылыгы бар экени айдан ачык көрүнүп турат. Фонддун жетекчиси Тулебердиев Ренат директорлор кеңешине жана текшерүү комиссиясына өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгына жана иш-тажрыйбасына карабай айрым кандидаттарды өзү сунуштап, шайлап алганы Кыргыз Республикасынын Президентинин кадрлар боюнча «профессионал кадрлар иштеш керек» деген саясатын четке кагуусу катары кабылданууда. Текшерүү комиссиясы боюнча резервдин эн алдынкы тизмесинде турган, аудитордук ишмердүүлүгү боюнча квалификациялык сертификаты бар, эн чоң тажрыйбага ээ, тестирлөөнүн жыйынтыгында 200-300 талапкердин ичинен эн чоң максималдуу 100 пайыз балл алгандардын ордуна, иш-тажрыйбасы жок, анан калса, төмөн балл алган, бирок, фонддун жетекчилигинин айланасындагы, өз кандидаттар шайланып калганы таң калаарлык.

Мындай кадамга баруу менен Тулебердиев Ренат кадрларды тандоодо тууганчылыкка, жердешчиликке басым жасаган, келечекти ойлобогон, көз карашы жок, принципсиз жетекчи катары бааланып калды. Нааразы болгон айрым кандидаттардын кайрылуусуна ал «кийин-мурун мен сизди тааныбаптырмын, мурдараак эле кайрылсаңыз болмок экен» жана «Өкмөттөн көрсөтмө берилди, мен жөн эле солдатмын» деп “кутулуп” жатты. Бирок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 жылдын 19-декабрындагы №716 токтомуна ылайык кадрлардын резервин түзүү боюнча конкурсту кагаз жүзүндө гана формалдуу өткөрүү менен жаңыдан шайланган Өкмөттүн ишине кедергисин тийгизип, аброюна доо кетирип жатканын этибар албаган өңдүү.

Өзгөчө «Манас” эл аралык аэропорту» ААК, «Дастан» ААК жана «Айыл Банк» ААКда акционерлердин жалпы чогулушу өтүп жаткан мезгилде директорлор кеңешине жана текшерүү комиссияларына кимдер шайлана турганын чөнтөк телефонундагы вотсап (WhatsApp) аркылуу чогулушка катышып жаткан Фонддун өкүлдөрүнө билдирүүлөрдү жазып көрсөтмө бериши Р.Тулебердиевдин өзүмдү өзүм билем дегени. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондунун жетекчиси болуп шайланганына төрт айдын жүзү болсо дагы Тулебердиев Ренат стратегиялык маанидеги эн чоң объектилердин ишмердүүлүгү, андагы башкаруу органдарынын курамы менен таанышып, бир дагы жолугушуу өткөргөн эмес. Тескерисинче, «мен жетекчи болуп дайындалган соң, ар бир акционердик коомдун башкаруу органдарынын мүчөлөрү өздөрү менин кабинетиме келип таанышышы керек» деген бюрократиялык принципти катуу кармаган жетекчи катары өзүн көрсөттү.

Сөз соңунда өлкөнүн Президенти жана жаңы түзүлгөн КРнын Өкмөтүнүн жүргүзүп жаткан кадрлар саясатына Тулебердиев Ренат каршы иш кылып, коррупциялык жолго түшкөнү коомчулукта кызуу талкууну жаратып жатканын белгилей кетсек. Албетте, бул өңдүү аткаминерлердин мамлекеттин саясатына бут тосуп жатканы өкүнүчтүү. КРнын Премьер-министри М.Абылгазиев тез аранын ичинде жогорудагы факты боюнча текшерүү жүргүзүп, кайрадан мыйзам чегинде конкурстун уюштурулушун көзөмөлгө алышы абзел. Коомдогу мындай жат көрүнүштөрдү өзөгүнөн алып таштабаса, кайрадан уланып, өкмөттүн жүзүнө чиркөө боло берери бышык.

Качкынбек Булатов, Укук коргоочу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости