www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында 19 жаштагы жигит кутурма оорусунан улам каза болду. Окуя 15-сентябрь күнү болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ош облусу боюнча координатору Светлана Шерматова тастыктады деп Турмуш сайты жазып чыкты.

Анын айтымында, маркум жигитти 5 ай мурун ит каап алган. Бирок ал убагында дарыгерге кайрылбай, вирус мээсине тарап кеткен.

«Баткен облусунан Ош шаарына окууга келген жигит 3-курста окуп жаткан. 13-сентябрь күнү ооруп, кыйналганда кошо жашаган балдар тез жардам чакырышып, ал ооруканага жеткирилген. Маркум май айында ит каап алганын эч кимге айтпай, дарыгерлерге да кайрылган эмес. Жаш жигит кутурма оорусуна кабылганы аныкталган. Вирус мээге жетип кеткени үчүн 15-сентябрга караган түнү саат 02:00дө каза болгон.

Учурда атайын комиссия түзүлүп, аны менен чогуу окуган, чогуу жашаган балдар көзөмөлгө алынууда. Баланын сөөгүн ата-энеси, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору, дарыгерлер кичи мекенине алып кетишти», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости