www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Биздин гезитке жарыяланган материал (Аскар Медетов «Сынчы Кадыркул Даутовдун субъективизми же Барпы мактоого мук-тажбы?») Ж.Баласагын атындагы КУУдагы «ЧПга» себеп болуптур» деген маалыматтан улам, анын чоо-жайын билиш үчүн кыргыз филологиясы факультетине жөнөдүк.
20-февраль күнү Манас таа-нуу жана дүйнөлүк адабият ка-федрасында иштегендер адаттагыдай эле түшкө маал чай коюп, түштөнүп отурушканда кафедранын эшигинен баш-баккан профессор Кадыркул Даутов доцент Аскар Медетов-го кайрылып, «бери кел!» деп өктөм айтат. А.Медетов «айтчу сөзүңүз болсо ушул жерден, элдин көзүнчө айтыңыз, мен чыкпайм» дейт. К.Даутов көгөрүп көпкө кетпей турат. Профессор А.Садыков «бул чыкпайм деп жатат. Кадыркул, сен аксакал эмессиңби, болду, кой» дейт.
Бир аздан кийин К.Даутов өзү менен кыргыз адабияты кафедрасында чогуу иштеген доцент М.Сатыбековду ээрчитип келет. М.Сатыбеков кирип келатканда артынан К.Даутов жулунуп кирип, «мен сени чыккан жериңе киргизем!» деп А.Медетовго ызырынат. А.Медетов «агай, сынды көтөрө албай ушинте бе-ресизби?» дейт. К.Даутов «сени Барпынын арбагы урсун!» деп каргап-шилеп баштайт. А.Медетов «асылып жүрүп Артыкбаевди жебедиңизби» деп андан ары ачууга алдырышып, айтыша башташат. Профессор А.Садыков “Кадыркул, сен аксакал эмессиңби, кой, болбосо, кафедрадан чыккыла”дейт.Тигил экөө бири-бирине ыкыс берип, коридорго К.Даутов ээ-жаа бербей алып келатканда М.Сатыбеков арачалай ортого түшпөсө эмне болот эле?
Ошол жерден бири өлүп, бири калмак да... Бирок, токтоо А.Медетовдун «асылып жүрүп Артыкбаевди жебедиңизби?» деген сөзүнүн артында көп сыр бар экен.
2007-жылы К.Даутов кыргыз ишке кирген күңдөн тартып, тынчтык бузулат. К.Даутов «көзүңө чыккан тирсекмин, деп профессор К.Артыкбаевге асылып, ыгы келсе да, келбесе да мазактап, тынчтык бербей, ата-жотосун койбой ашаткан күндөрү болуптур. Профессор К.Артыкбаев ооруп жүргөнүнө карабай баарын көтөрүп, унчукпай , мырзалыгынан жазбай жүргөн экен да кайран киши! К.Артыкбаев кафедра башчылыгынан түшүп ордуна прфессор АЛбдразаков болот. Көп өтпөй кафедра башчылыгына конкурс жарыяланып, шайлоо боло. Кыргыз адабияты кафедрасынын башчылыгына профессор ААбдразаков менен доцент А.Медетов талапкер болушат. Бул шайлоодо К.Даутов А.Абдразаковду колдоп, ал жеңип ал кафедра башчысы болот. К.Даутов «муну жаса, тигини жаса» дегендей жаңы кафедра башчысына Iөз талаптарын коё баштайт.
А.Абдразаков айткандарын жасабай койгонбу, айтор,ортодо чатак ырбайт. Ошондой күндөрдүн биринде К.Даутов ААбдразаковду столго басып алып муунтуп кирет. Ошондо аларды А.Медетов ажыраткан экен.
Профессор Санарбек Карымшаков «Кыргыз адабият таануусунун жана сындын тарыхы» деген китепке К.Даутовдун портретин жазат. К.Даутов «ушинтип да портрет жазабы, мен сени жаз дедимби?» деп келип кекетип-мокотуп, кол көтөргөнгө чейин барыптыр.
Жогорудагы окуяда К.Даутовду сабырга чакырып, сөзүн айтып жаткан филология илиминин доктору, профессор КР УИАнын корреспондент- мүчөсү Абдыкадыр Садыковду К.Даутов мамлекеттик экзамен алып жаткан комиссиянын, студенттердин көзүнчө оозго алгыс сөздөрдү айтып тилдеген экен, андан кийин ректор менен болгон жолугушууда да асылып, мазактаган сөзү универстеттин саитына чыгыптыр.
Кыргыз филологиясы факультетинин жакшысын чыгарып, жаманын жашырып, бир кезде университеттин эң алдыңкы факультеттеринин катарына кошууга эмгеги сиңген, нарктуу аксакалдарынын айкөлдүгүн кыянатык менен пайдаланып жүргөн К.Даутов китебине карата айтылган сынды көтөрө албай адабиятчы Аскар Медетов менен бул окуяга чейин да эки-үч жолу жаман-жакшы айтышып, Мидиндин 100 жылдыгына арналган конференцияда Кадыркул Даутов баяндама жасап, «Мааниси жок махабат» макаласын актоого аракет кылып, «жолборс жолборско кол салат, итке кол салбайт» дегендей, өзүн жолборско салыштырган экен. Өзүн жолборс сезген атактуу сынчы эми кокүткөндөрдүн тилине кирип, каршы оппоненти менен итче ырылдашканына жол болсун!
Ал эми кыргыз филологиясы Бакыт Жайлообаев чырдуу окуяны калыс карап, чырдашкан тараптарга бирдей мамиле жасап, муңун угуп, адилет чечим чыгаруунун ордуна «сүттөн ак» деп К.Даутовду жактап, колдоп, А.Медетовду каралоо кампаниясын уюштуруп, жогорудагы окуяга катышпаган, сыртган байкап турган Г.Телибаева, Н.Турдубаева, А.Табалдиева сыяктууларга түшүнүк кат жаздыртып, күнөөнүн баарын А.Медотовго оодарып, ректорго рапорт жазган, Ал эми окуяга түздөн-түз катышкан профессор А.Садыков, доцентгер Н.Сыдыков, Ж.Бейшеева, Р.Исакова, М.Сатыбеков, лаборант Р.Асановалардын пикирин сураган эмес, алардын пикири менен Б.Жайлообаевге өзүнө ылайыктуу, анын сөзүн сүйлөй турган керек болгон.
Чындыкты бурмалоо, ишти мыйзам чегинде эмес, өз кызыкчылыгы үчүн жүргүзүү декан Б.Жайлообаевдин иш стилине мүнөздүү көрүнүш экен. Өткөн жылы салыштырма лингвистика кафедрасынан Манас
таануу жана дүйнөлүк кафедрасы бөлүнүп чыгат. Жаңы ачылган кафедрага жаңы лоборанттык кызмат оруну берилет. Ага кафедра башчысы профессор А.Садыков өзү тандап адис алыш керек болчу. Бирок, декан Жайлообаев жаңы штатты Садыковго ээлик кылдырбай «илип» кеткен. Анткени кыргыз тил илими кафедрасын да иштеген, пенсиядагы 70тен өткөн Гүлай Телибаева керек болгон. Аны кыскартуунун ордуна ага орун бошотуп, жаш адис М.Обулбекованы салыштырма лингвистика кафедрасына которуп, ал жерде мурда иштеп, азыр декреттик өргүүсүндө жүргөн У.Турганбаеваны жаңы ачылган кафедрадагы штатка арызы жок эле, кафедра башчысы А.Садыковдун макулдугу жок эле которуп жиберген.
Бул көз көрүнөө мыйзам бузуу болгон. Факультеттин магистратурасынын күндүзгү бөлүмундө окуп жаткан А.Солтоноевдин деканатка менеджер кызматына ишке алынышынын мыйзамдуулугун кадрлар бөлумү өзү текшерип алаар. Болгону бизди «бул магистрант кайсы убакта деканатта иштейт да, кайсы маалда аудиторияда билим алат» деген маселе тынчсыздаңдырат. Болбосо аны Б.Жайлообаев өз «ыкмасына» салып, өзүнө орун басар кылып алса деле болчудай...
Магистратурага кабыл алууну уюштуруудагы орой кемчиликтери үчүн окумуштуулар кеңеши деканга эскертүү берген. Ал эскертүүнү декан өзү билип эле протоколдон алдыртып салганы мыйзамга моюн сунбай «Коён байды колум билет» дегендей эле кеп.
Декандын кабылдамасында кезек күткөндөр көп болот экен. Себеби, декан эшигин бекитип алып бешим, дигер намазын, кышында шам намазын да кабинетинен окуйт экен. Ал эми жума күндөрү «намазга кеттим» деп үч төрт саат иш ордунда болбойт тура. Намазга жыгылганы го жакшы, бирок Куранданбы, хадистенби, эмгек жамаатынын ынтымагын сактоону, адилеттүүлүктү үйрөнсө болмок. Факультетте.профессордук-окутуучулар жамааты- бекемдеген бирда маданий иш – чаралар өткөрлүгөн эмес. “Жайлообаев декан болгону куран окуткан жерлерде эле корүшчү болдук” – деп окутуучулар айтышууда. Декандын негизги кеңешчиси Г. Телибаева экен. Факультетке иш ушу Г.Телибаеванын
грант алып келүү, же бир долбоор иштеп чыгуу жагы декандын оюна да келбесе керек. Тескерисинче, бар нерсенин баркына жете албай, проектор, электрондук микрофондор менен жабдылган 70 орундуу «Манас өргөсү» жыйындар залындагы техникалардын баардыгы декан Б.Жайлообаевдин шалакылыгынан
бузулуп бүткөн. Иштегенине бир жылдан ашканына карабастан, декан Б.Жайлообаев тарабынан кыргыз филалогиясы факультетин өнүктүрүүнүн стратегиялык программасы иштелип чыккан эмес. Ал эми ушак менен эмгек жамаатын бөлүп-жаруу, моралдык-психологиялык атмосфераны бузуу, кутумчулук иштери гүлдөп өнүгүп жатыптыр. Кыргыз филологиясын ичтен иритип жаткан молдо сөрөй, “декан”аты бар Жайлообаевге ректор Канат Садыков эмнеге чара колдонуп, тартипке чакыбайт? Куштун уясындай болгон бир факультетги эки жаатка бөлүп, ынтымакгы ыдыратып салган Жайлобаев кичине ээсине келип дааватка эле чыгып кетсене?..
Булак: "Азия ньюс"