www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурбек Абасканов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону 3-мартта расмий кабарланды. Мындай чечим премьер-министри Сапар Исаковдун сунушунун негизинде кабыл алынды.

Абасканов "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 24-берене, 2-бөлүгүнө ылайык иштен алынды.

Аталган берене "Өкмөттүн мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотууга жана отставкага кетирүүгө негиздер" деп аталат. Анын экинчи бөлүгүндө өкмөттүн мүчөсү антты бузуп, тийиштүү эрежелер боюнча ката кетирген учурда премьер-министрдин сунушу менен жумуштан кетирүү маселеси жазылган.

Нурбек Абасканов өзүнүн фирмасына лицензия берген деп, кызматтык иликтөө жүргүзүлөрү 1-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдаган. Кабарга ылайык, 22-февралда беш компания жана төрт жеке ишкер лицензия алган. Алардын ичинде Абасканов негиздеген делген электр байланышы менен иштеген ОсОО IC BEST компаниясы дагы бар. Бул фирмага мөөнөтү чектелбеген лицензия берилген.

 Ал бул кызматка 2017-жылы, Сапар Исаков түзгөн өкмөт курамы менен келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости