www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын анык мүчөлүгүнө жана корреспондент-мүчөлүгүнө шайлоо өткөрүү тууралуу жарыя чыккандан бери этеги элек, жеңи желек болуп, чуркап жүргөн илимпоздор көбөйдү. Алардын арасында татыктуусу бар, татыксызы бар, айтор, «аламан байгеге түшөм» деп ээленип, дарбыгандар андан көп.

Ошондой дарбыгандардын бири Турусбек Маразыков. Бул эргул 2016-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУда конкурс болгондо профессорлук орунга өтө албай, митинг артынан пикет уюштуруп, көчөдө жаңжал чыгарып, делбетап болуп, «ачкачылык жарыялайм» деп өлүмтүгүн артып, «атың чыкпаса жер өрттө» дегендей, бир топ ызы-чуу салгандардын бири болуптур.

Андан кийин Кытайга эки жылга иш сапарына жөнөтсө, мөөнөтү бүтө электе 9 ай мурда качып, баса берип, улуттук университетти уят кылган экен. Жердештеринин аркасы менен эптеп кандидат, доктор болгон, илимий чөйрөдө окумуштуу катары эсептелбеген, колго алар бир илимий эмгеги жок бул эргулду эми улуттук университет корреспондент-мүчөлүккө көрсөтүп жатыптыр.

Университетте ызычуу салып көнүп калган Турусбек Маразыков эми окумуштуулар чөйрөсүн бир эрмектесин деген максатта жөнөтүп, андан кутулгандарына кубанып, бир чоң түлөө өткөрөлү дешкен окшойт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости