www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернет деген ээн-ооздуктун “ажаатын” ачып жибергендей абалга келтирди. Карап турсаң баары эле акылдуусунат тимеле. Кай бир “бетин” көрсөткүсү келбегендер тыңсынып кеп айтканда жиниң шакардай кайнайт. Бирок, “жүзү” көрүнбөсө кимге азабын берер жообуңду узатасың. Эгерде корко турган илинчеги болбосо ачык эле алдыга чыгып укмуш идеясын айтпайбы? Анте албагандан кийин эмнеге бекинип алып бир балээлерди жазат десең? Эмнеси болсо да кенен “маалымат айдыңында” бир кепке келе албагандар толуп кетти. Бири сен теңирчи экенсиң десе, анын каршылашы мен светтик өлкөдө жашаганым үчүн бактылуумун деп соктурат. Айтор, убактысын эмне кылып өткөрүүнү билбей кыйналгандарга интернет сонун “оюнчук” болуп калды. Күнү-түнү менен тамгаларды сайгылап ойногондон жадабайт.
А бирок, айрым кичине элге аты таанымал болуп калгандар кыргызды дүйнөгө даңаза кылган көчмөндөр оюндарына каршы пикирлерин жаза башташты. Өз капчыгынан кетип аткансып эле чыгымдалар каражатка шилекейин агызышат. Элдик демилгенин демине муздак суу сепкиси келишет. Андай болбойт. Бир ууч кишилерден башка калың калк колдоп турганда көчмөндөр оюндары өз деңгээлинен төмөн түшпөй өткөрүлөрүндө шек жаралган жок. Булардын колтуктан баш бактырган котур таштарынын таш-талканы чыгарын деле ачык айта кетели.
Кыргыздын улуттук баалуулуктарын, дөөлөттөрүн, кол өнөрчүлүгүн, кооз табигатын өзгөлөр келип өз көзү менен көрсүн, тамшансын, теңелүүгө аракетин кылсын. Мунун эмнеси жаман? Тескерисинче биздин касиеттүү жергебизде дүйнөлүк алкакта көчмөндөр оюндары өткөрүлүп жатканына жаратканга, колдоо көрсөткөн кутман элибизге ыраазы болушубуз керек. Чамасы айрым карөзгөй кишилер биздин жаңы президенттин кадамдарына “тикенек зым” койгонго далалат жасагысы келип тургандай. Жүздөн ашуун өлкөгө чакыруулар жиберилип, кубаттуу мамлекеттердин башчылары келерин билдирип жатканда кайсыл кеңкелес мындай саамалыкка каршы чыгат? Андай душмандыкка намысы жок, алысты көралбаган, мажирөө адамдар гана барышат десек туура келет.
Негизи кимдин куйкасы курушуп жатат? Ошолор бир куурайдын башын сындырууга жарадыбы, бир сом коштубу? Жок. Болгону сырайта сын таккандан башканы билбейт. Жакшы жышаандын жаралышы улутка пайдалуу болгонун сезгиси келбейт. Албетте, эбак белгиленип калган көчмөндөр оюндарын дүңгүрөтөөткөрүш кажет. Ичим тап болгондор колдобой эле койсун, аларсыз эле опол тоодой салымын кошчулар сан жеткис.
Бири боз үйүн берүүгө, экинчиси көз тайгылткан шырдак, кийиздерин коюуга, кай бирөөлөр атайын багышталып багылган семиз жылкысын тартуулоого, мүнүшкөрлөр бүркүтүн шаңшытып ууга салып келгендерди таң калтырууга эмитен даярдык көрүп жаткан кездери. Ал эми каражат деген табылат, казыгы жерге кагылат, кучактар кенен жайылат. Жети дубандын мекенчил тургундары жапырт колдоого алышаарын билдирип жатышканы белгилүү.
Алыстан убара болуп, жүдөп-какап келишкендерди аяп жатабыз деген “боорукерлердин” сөзү октой дегеле. Антип тилиңди булайтпай тим отур деген киши жок. Ары жокторго ким теңелсин? Биз ширелишкен, бекем биримдигибиз, намыска бекем тура алганыбыз, көчмөн элдин туу башындагы журт экенибиз менен дүйнөгө таанылабыз. Улуттук баалуулуктарга аң-сезими жетпегендер үрө беришет, саркынды таштандыдай болуп ыраакка тебилишет. Биз күчтүүбүз, мекендин жүгүн көтөрүүгө чечкиндүү туруп беребиз. Ток этерин айтканда бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку уюшкандыкта өтөөрүнө күмөндүк жаралбайт. Бул күндөрдө даярдыктар ырааты менен жүрүп жатат.
Булак: "Ачык сөз"