www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Хашимова Дилафруз Оштогу Акипресс маалымат агенттигинде журналисттерге маалымат берди.
Хашимова Дилафруз Ноокат районунун тургуну. Шакиров Зайипжанга мындан 13 жыл мурда экинчи аял болуп турмушка чыккан. Зайипжандан Батма, Зуура аттуу эгиз кыздары бар. Күйөөсү менен эгиз кыздары эки жаш болгончо карым-катнашта болуп келишкен. Кыздары эки жаш болгондон баштап Шакиров Зайипжан Дилафруз менен жашоодон баш тартып, кыздарына моралдык жана материалдык жардам бербей келатат.
Хашимова Дилафруз Ноокат районундагы чоң базарда алып-сатты менен тиричилик кылат. Анын мурунку күйөөсүнүн эки кызы бар. Азыркы күндө бул аял бир кызын турмушка узатып, небере көргөн. Калган үч кызын өзү багып жаткан учуру. Райборбордо өзүнүн чакан үйү бар, анысы өтө эски болгондуктан, кыштан зорго чыгышкан. Быйылкы кышка жашоого үйү жараксыз экенин айтат. Ал эми Шакиров Зайипжан Ноокат базарында кассапчылык менен шугулданат. Хашимованын айтымында Шакиров Россиянын жараны, эки кабат үйлөрү бар, бай киши.
Экинчи аял болуп тийген Хашимова Дилафруздун айтымында, Шакиров Зайипжандын биринчи аялы мындан 13 жыл мурда Хашимова Дилафрузга келип, шариятта күйөөсүнө аял алып берген аял бейишке (жаннатка) кирерин айтып, Дилафрузду күйөөсүнө экинчи аял болуп тийип, кыз төрөп беришин, эч нерседен кем кылбай ага жардам беришерин айтып, макул кылат. Ага ишенип, макул болгон Дилафруз ошентип, Шакиров Зайижанга экинчи аял болуп турмушка чыкканын айтат.
Хашимова Дилафруздун айтуусунда Шакиров Зайипжандын атасы да баласынын сөзүн сүйлөп, туугандары менен кыздарга эч кандай жардам беришкен эмес. Тескерисинче, түрдүү жаман сөздөр менен кордошконун кошумчалайт. Ал сегиз жылдан бери ушул көйгөй менен алпурушуп, ыйлап келатканын аны эч ким укпаганын, жашоодон абдан кыйналганын айтат. Апасынын айтуусунда эгиз кыздардын дарыгерге көрсөткүчү оорулары да бар.
Эми, Хашимова Дилафруздун талабы, Шакиров Зайипжан аны менен жашабаса да, эгиз кыздары үчүн үйлөрүнүн бирини берүүсүн,( анткени өзүнүн үйү жашоого жараксыз болуп калганын айтат), эгиз кыздарын багууга акча каражатынан жардам берүүсүн, аларга алимент төлөтүп берүүсүн мамлекеттик тиешелүү кызматтардан суранат.
Хашимова Дилафруздун айтканын уккан соң, анын күйөөсү Шакиров Зайипжанга телефон чалганыбызда, ал Дилафруздун үчүнчү күйөөсү экенин, өзүнүн мыйзамдуу аялы, үч эркек баласы бар экенин айтат. Анын айтымында, жакында эле кыздарына акча каражатын берген, кийим-кече да алып берип турганын, мындан ары да жардам берерин кошумчалады.
Гүлбара Мамазияева, NazarNews.kg
Ош шаары