www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 29-июнунда «Вечерний Бишкек» гезитине «Зачем нам демократия? Мы пилим гранты!» деген темада макала жарыяланган. Ал макалада «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» деп аталган бейөкмөт уюмдун ичиндеги бийлик талаш тууралуу кеңири баяндалган. Уюмдун ичиндеги бийлик талаш – бул чет мамлекеттерден келген грантты талашуу болуп эле саналат эмеспи.

Макалада «Коалициянын» президенти Азамат Адиловдун жана уюмдун мурдагы жетекчиси Динара Ошурахунованын алдамчылык иш-аракеттери ачык баяндалган.

Уюмдун ичиндеги конфликт кырдаалынын жаралышына башкы себепкер – бул «Адилет» Укуктук клиника» коомдук фондунун мурдагы юристи Дастан уулу Улан болгон. Ал 2017-жылы Д. Ошурахунова тарабынан «Коалицияга» долбоордун координатору катары жумушка чакырылып алынган.

Ошентип «Коалицияда» иштеп баштаганына бир жыл толбой жатып, Дастан уулу Улан уюм ичиндеги «бийликти басып алууга» активдүү киришкен. Ал үчүн ал өзүнүн айланасына анда иштеген адамдарды тарткан. Ага кол кабыш кылгандардын башында дагы бир юрист Сейит Бобушев болгон. Аны бул «Коалицияга» убагында Азамат Адилов өзү алып келген.

Ошентип «бийликти алыш үчүн» Дастан уулу Улан эмгек жамааттын көзүнө алардын кызыкчылыгын коргогон, акыйкаттык үчүн күрөшкөн адам катары көрүнүүдө. Ошону менен катар эле ал өзүнүн юриспруденция боюнча кесиптик билимин пайдаланып, «Коалициянын» жетекчилиги кызматын берүүнү талап кылып жатканы да айтылууда. Ал өзүнүн мындай аракетинин биринчи этабын жүзөгө ашырып койгону да белгилүү. Тактап айтсак, ал «Коалициянын» президенти А. Адиловду кысымга алып атып, кызматтан өз каалоосу менен кетүүгө арызын да жаздыртып койгон.

Мындан кандай тыянак чыгарсак болот? Дастан уулу Улан уюмга жетекчи болуу менен чет мамлекеттерден келген гранттардын көпчүлүк бөлүгүнө гана ээ болгусу келип атканын түшүнсөк болот. Ошондо булар демократия жана жарандык коом үчүн күрөшүп атышкан болобу же чет мамлекеттерден келген гранттар үчүнбү? 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости