www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-июлда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин Аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотовго Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен ыйгарылган “Саясат таануу” адистиги боюнча профессор окумуштуулук наамын тапшырды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Аталган ардактуу наамдын атайын төш белгисин жана күбөлүгүн тапшырып жатып, Төрага Дастанбек Жумабеков наам ээсине ийгиликтерди жана илим жолундагы зор жетишкендиктерди каалады.
Кошумчалай кетсек, Тажимамат Шаболотов Кыргыз Республикасынын II даражадагы мамлекеттик кеңешчиси, Техника илимдеринин кандидаты, доцент жана саясий илимдердин доктору, ошондой эле бир катар мамлекеттик жана башка сыйлыктардын ээси катары белгилүү.
Булак: NazarNews.kg