www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каар заман келатабы же келип калдыбы, билип болбой турган мезгил келди. Мыйзамдарыбыз деле бар, бийлигибиз деле бар, а бирок, тартип деген таптакыр жок болуп барат. Аз күн мурун эле Оштогу эс алуучу жайда эки жигит топ жигиттин улам бирин жаакка чаап, бетке койгулап жатканы чыккан.
Көрсө, согуп жаткан эки жигит кылмыштуу топтун мүчөлөрү экен. Ал жигиттер камалып, анан үй камагына чыгарылган. Андан соң тигил эки эргул 25 жаштагы келинди зордукташкан экен. Ошондон кийии гана тиги экөөнүн бири бир айга, экинчиси эки айга камалды.
Булар биринчи кылмышты кылганда эле эмнеге камалган жок?! Соттор акчанын жетегинде калдыбы? Муну текшериш керек. Көрдүңөрбү, кутурган немелер кааласа бирөөлөрдү сабайт, кааласа кыз зордуктайт. Камала турган болгондо сатылма соттор бошотуп коет. Эки зордукчулдун биртоп узун тары-хы бар экен. Кээ бир маалыматтарга караганда кылмышкерлердин бири Канжар Кадыралиевдин жакын адамы экен. Эми бул ишти тыкыр иликтеп-изилдеп чыкса, далай былык иштердин бети ачылышы мүмкүн. Булак: Багыт