www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ашыкча байлык чогулткан адамга ошол дүнүйөсү көйгөй жаратарын мурда анча билген эмес экенбиз. Акыркы айлардан бери бир кызыктай абалга кептелдик. Анткени мурда манчыркап, жер баскысы келбей калган көпөстөр, ал тургай кекиртегинен кызарып көрүнүп калган байлыгы бар депутаттар, чоңдор кысынып, кымтынып калышты, түбүң түшкүрлөр!
Тээ мурда кайкалап басып, ар кимди кагып-силккендер негедир пысмыя түшүшкөнү жакшылыктын жышааны десек туура болобу? Же убакыт өтүп, бийликтин моокуму канган соң баягылар кайра жандана башташар бекен? Айтор, табышмактын жандырмагын шарт кесе салуу кооптуу болгону ырас. Буга чейин деле жемкорлор, пара алгычтар менен күрөшүп келгенибиз эмне, жалганбы? Ооба, бираз катуулай баштады, анткени менен айрым чириген байларды ордунан былкылдата албай жатышпайбы, кашайгырдыкы.
Кандай дегенибиз менен жылыштар бар. Тойгонун билбей калганча элдин ырыскысын ашагандардын алды качып кеткенге жарады. Ошол чөптөн жапыз, суудан тынч болуп эл арасында оокатын кылып жүргөн атка минер Аскарбек Шадиевди мына оорусу басылса келип калат дегендер кимдер эле? Кайсыл билермандар аны калкалап, ортомчулук милдетин аткарды? Буга жооп албетте азырынча болбойт.
Көрсө ошол эргулдан тиешелүү “шыбагасын” алган шылуундар кечмеликтен өтүп кеткенче сага чымын кондурбайм деп убадасын берген шекилди. Акыры анын ким экенин деле биле турган мезгил келеттир? Себеби, эсебин берип калар менен чыйпылдап кимге алтын сөлкөбайларын аргасы түгөнгөндө кармата салганын айтып берери турган иш. Мурдуна чүлүк салынганда күтпөгөн кептерди да чубалжытып жиберерин көрүп эле жүрөбүз го? Болгону убакытты жейт да кызыталактар!
Чуулгандуу окуянын башатында турган болчу делген мурдагы жетекчилер, колуна керемет билерик салынып алгандар азыр сурак берип караңгы жерде отурушат. Эми алардын кимисинин күнөөсү канчалык экенин күч түзүмдөрүнүн мыкчыгерлери тастыкташы кажет. Бирок, ошого дарамети толук жетеби, кеп ошондо. Чалагайым ишти бүтүрө салуу кийин өзүлөрүнө муштум болуп тиерин да эстеринен чыгарбоосу зарыл.
Буга чейин далай кылмыш иштери үстүртөн бүтүрүлүп кеткени күч түзүмдөрүнө көлөкө түшүрүп жатканы деле коомчулукка маалым. Ошондуктан чылпагын алам дегендер көзүнө зыян келбегидей кылып иликтөө жүргүзүшү абзел. Антпесе нааразычылык жарала берет. Ансыз да этеги жаман жерден жыртылгандардын жоопкерчилиги жогоруламайынча иштин өтөлүнө чыгуу мүмкүнчүлүгү жок.
Колуна кишен салынбаган, байлыгы аркылуу танкедей дарылдаган айрым “чыгаандар” азыр чет жактарда “саякаттап” жүргөнү боюнча каңшаарлар толтура. Данияр Абдыкаров иштен бошоду, антсе да анын илештирген көмүскө иштеринде мандем бар экени белгилүү. Тигил Раим Матраимовдун колунан ширин “коонун” жеп, “кымызын” шимире ичкендер ар түркүн амалдарды айтып, элдин башын айландырды. Ошол кезде Раим Турцияда жүргөн, болбосо Суусамырда кымыз ичкенин неге чыгара албады деген кептер да көпчүлүктү ойлондурду.
Деги азыр ал кимдер менен колтукташып “виски” ичип жүргөнүн билгендер барбы? Жок дегенде “из кубарлар” үн чыгарып коюшпайбы? Ал эми Икрамжан Илмиянов Москвада жүрөбү, же Америка тарапка бут койдубу деген суроого кызыккандар да жок эмес. Баары бир убагында чөйчөк тийиштирип шарап ичкендер, бизнесин чогуу жасагандар үймөлөктөшүп табышып аларында шек жок. Эбак Швейцариялык банктарга которуп кеткен чексиз акчаларына алар сөзсүз кабатталган тейлөө тармактарын салганга ашыгышат. Анткени алар “ачкөздүк” оорусуна кабылгандар. Андан какыс айыктырууга акыйкат жолго түшкөн мамлекет гана жарай алат.
Кыскасын айтканда байлык деген керемет тура дегендер катуу жаңылышат. Мындан ары баймын деп мурдун дердейткендер элден ашыкча болбоого ниетин бурушат. Буйруса алардын ашыкча мүлктөрүн ортого алып, кембагалдардын пайдасына чечип берчү мезгил келет. Жогорто эптеп нанын таап жеп оокатын кылган адамдын сөзүн келтирели:-“ Байлык деген көйгөй жаратат турбайбы, көпөстөргө караганда тынч уктаган мен бактылуу экемин”-деп айткан таамай кеби жашообуздун нормасына кирип каларынан үмүт этип турмушубузду өткөрө берели. Бакыт байлыкта эмес, бооруң бүтүн, курсагың ток, ден-соолугуң чың, абийириң таза болсо ошол зор дөөлөт!
Булак: "Ачык сөз"