www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте күзөтчүнү сабап,  будкасын унаа менен тебелетип, кийин укук коргоо кызматкерлери менен куугун уюштурган айдоочунун соттогу иши токотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган иш боюнча 24-июнда Биринчи Май райондук соту чечим кабыл алган. Анда тараптар жарашып алганына байланыштуу соттук иш токтулган. 

Белгилей кетсек, 6-июлда Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүндө мас абалындагы айдоочу Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаасы менен күзөтчү отурган жайды унаасы менен сүзүп талкалап, кийин күзөтчүнү сабаган. Ал жерден из жашырып кеткен айдоочуну укук коргоо кызматкерлери Кемин районуна чейин кууп, кармап келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости