www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Омск облусунун прокуратурасы эки адамды өлтүрүп, бирөөсүн күрөктүн сабы менен зордуктагандыгы үчүн жергиликтүү тургунду 15 жылга эркинен ажыратууну талап кылды. Бул тууралуу “Жаңы Омск” кабарлады.

Июнда Тергөө комитетинин басма сөз кызматы 2019-жылдын август айында Михайлов айылында 22 жаштагы аял чогуу спирт ичимдигин ичип отурган 37 жаштагы шеригин күрөктүн сабы менен зордуктап салганын маалымдаган.

Натыйжада киши өлүп калды. Аял анын сөөгүн эшикке чыгарып, ошол жакка таштап койгон. 2019-жылы октябрда ошол эле аял атасын жамандап койгон 31 жаштагы шеригин колу, буту  менен катуу сабап өлтүргөн.

Тергөө комитети ага карата "Денеге атайылап оор залал келтирүү, анын натыйжасында жабырлануучунун байкабастыктан өлүмүнө алып келген" жана "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

2020-жылдын июнь айында, ведомство бул ишти териштирип бүтүп, Саргат райондук сотунун кароосуна жөнөткөн.

Жакында эле  прокуратуранын өкүлү сотто сүйлөдү. Ал айыпталуучуну жалпы режимдеги колонияда 15 жылга эркинен ажыратууну, ал эми негизги жазасын өтөп бүткөндөн кийин анын эркиндигин бир жарым жылга чектөөнү талап кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости