www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин 2036-жылга чейин президент болбойт. Мындай пикирин Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко алдыда боло турган президенттик шайлоо тууралуу украиналык журналист Дмитрий Гордонго маек берип жатканда билдирди.

Анын айтымында, Путин бийликке жабышпайт жана өзүнө орун басар табат. 

Ал эми Путин менен мамилеси тууралуу экөө тең күчтүү инсан болгондуктан ортолорунда чыңалуу бар экендигин айтты.

"Мен Владимир Владимировичти өзүмдүн агам катары эсептейм. Улуулар дайыма кичүүлөрдү колдоп турушу керек.  Бизде айылда дайыма ушундай болчу, көп балалуу үй-бүлөдө улуулар кичүүлөрүн сүрөп турчу. Ошондуктан менде ушундай мамиле калыпталып калган.  Мен Путинге: "Улуу агасы кичүүсүнө дайыма жардам берип, жол көрсөтүп турушу керек. Чуркап же бир нерсе кылып жатканда бут тоспой, колдошу зарыл", деп айтып келем. Мен аны менен мамиле түзүүгө аракет кылдым, бирок Путин башкача адам.  Ал шаардык адам десем болот", - деди Лукашенко. 

Мындан тышкары ал Путиндин  кайра президент болушу тууралуу айтып жатып:

"Путин 2036-жылга чейин президент болбойт. Бул боюнча силерге 100% кепилдик бере алам. Путин бийликке көгөрүп асылбайт, ал Россияны өнүктүрүү жолун улай турган адамдын бийликке келишине жол түзөт", - деди Белоруссиянын мамлекет башчысы. 

Владимир Путин 2000-жылдан бери президент. Россиянын Конституциясынын мурунку редакциясына ылайык, эч бир адам катары менен эки мөөнөттөн ашык мамлекет башчысынын кызматына кирүү укугу болгон эмес, ошондуктан 2008-жылы Путин президенттикке талапкерлигин койгон эмес. Ал 2012 жана 2018-жылдары дагы бир жолу президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен.

2020-жылы Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, ага ылайык президенттик мөөнөттүн жол берилген санына байланыштуу Негизги документтин текстинен "катарынан президент болуу" пункту алынып салынган. Буга байланыштуу ал 2024 жана 2030-жылдардагы шайлоодо кайрадан президенттикке талапкерлигин көрсөтүү укугун алган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости