www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Кыргызстан чет элдик донорлордон алган карызынын төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашып жатат. Бул тууралуу финансы министри Кыялбек Мукашев өкмөттүн жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Париж клубу жана донорлор менен түздөн-түз сүйлөшүү жүрүп жатат.
"Учурда 4,1 миллиард сом төлөөнү кийинки жылга жылдыруу боюнча келишимдер каралып жатат. Ага ылайык, быйыл жана эмдиги жылы төлөбөй тура алабыз. Бирок кийинки үч жылда жеңилдик берилген мөөнөттө төлөнбөй калган каражатты кошуп төлөйбүз", — деди Мукашев.
Ошондой эле министр өлкөнүн ички жана сырткы карызы азыркы тапта 4,8 миллиард доллар (378 миллиард сом) экенин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg