www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыянбек Сатыбалдиев деген Жалал-Абад областы боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдүн артынан көптөгөн сөздөр ээрчип жүрөт. Ал Майлуу-Суу шаарына мэр болуп олтурганда Көк-Таш айылындагы бала бакчаны капталдык оңдоодон өткөргөн. Бирок бул жерде дагы көптөгөн сумма акча жоголуп, жергиликтүү депутаттар ызы-чуу салганда “СДПК” партиясына кире качкан. Керек болсо бул иш боюнча кылмыш иши да козголгон. Бул боюнча маалымат алалы деп барсак асман айдай түйүлгөн Кыянбек Урмаматович суроолорубузга араң жооп берди. Кылмыш иши козголгон бала бакча боюнча мен документке кол койгон эмесмин деп танып чыкты. Ак-Жол фирмасында иштебегенин Ноокен райондук салык кызматы тастыктап жатса иштегем деп туруп алды. Гүлчөтай өкүлдүн жалгандарын чыгаруу максатында маегине атайын документтерди тиркөөнү туура көрдүк. Калганын өкмөт башчы өзү чечээр.

–Кыянбек Урмаматович, сиз келгенден бери областта кандай жетишкендиктер болду, кепти ошондон баштаңыз?

–Жетишкендиктерди айтып олтурсам абдан көп. Ар бир тармакта өсүүлөр болуп жатат. Айыл чарба, кызмат көрсөтүүдө, бюджетти аткарууда баардык пландарды аткардык. Медицина тармагына жакшы көңүл бурулду. Социалдык имараттарды куруп жатабыз. Көптөн бери каралбай калган мектептерибиз бар. Каржылоо иштери башталды. Учактарды дагы жумасына күн сайын учурууга аракет кылып жатабыз. Ири ишканалар боюнча мөөнөттөр коюлуп иш алып барылууда.

 –Сиз бул кызматка олтураарыңыз менен эле артыңыздан укмуштай ушактар кетип жататДиплому жокМайлууСуу шаарына мэр болгон деген жүйө сиздин намысыңызга тийчүдөй эле болдуМага кайсы окуужайда окуганыңызды айтып, группалаштарыңыздын сүрөтүн көрсөтө аласызбы?

–Мен “Ак-Жол” аттуу фирмада комерциялык директор болуп алты жыл эмгектенгем. Андан кийин “Майлуу-Суу” шаарына мэр болуп дайындалып 2 жыл бир ай иштедим.  Ал жерде иштеп жатканда 2015-жылы депутаттыкка талапкерлигимди койдум. Жогорку Кеңешке талапкерлигин коюп кантип өтүп кетет дешти. Мен бизнесте жүргөм, элге көп жардам бергем. Ошондуктан депутат болууга өздөрү тандашты. Мэрликке деле иштеп берсин, тазасың деп өздөрү чакырышкан. Жогорку Кеңешти билбейм, мэр болууга талаптар абдан чоң.  Америкадан эмес, Жалал-Абаддагы Жогорку окуу жайынан эле бүткөм. Каалгандар текшерип тытып бүтүшкөн. 15 жыл мурунку пластинканы кайра атайын кызыкчылыгы бар адамдар айландырып жатат. Областты чуркап, айланып иштеп жүрөм. Алдыма коюлган маселелердин 80-85%ин ордунан дароо аткарам. Ушактарга көңүл бурганга убактым жок.

–Группалаштарыңыздын сүрөттөрүн көрсөтүп коёсузбу?

–Менин группалаштарым абдан көп. Кечээ жакында эле Улуттук окуу жайдын юридикалык факультетин бүттүм. Эч ким акчага диплом сатпайт. Мен окуп бүтүп эле мыйзам чегинде алып келгенмин.

–Ата-Журт партиясынын атынан мэрликке баргансыз да туурабы?

–“Ата-Журт” партиясынын атынан депутат, аким да болгон эмесмин. Мэрликке дал ушул партиясынан көрсөтүлгөм. “СДПК” фракциясынан коёлу дешсе бизде талапкер бар деп ынабай коюшкан. Ата-Журттагылар “биздин партиядан мэрликке сен кете бер, таза жигитсиң”-деп суранышканынан барганмын. Партиядан партияга секирди дешти. Мен биринчи жолу 2015-жылы СДПКнын партиясынан билет алгам. Башка партиядан партбилетим болсо көрсөтүшсүн.

–Бала бакча боюнча дагы чоң суммадагы акча «жеп койду» деп жүрүшкөнАл боюнча эмне дейсизКаржаады из басылдыбы?

–Менин бала бакчага кандай тиешем бар? Жергиликтүү бюджеттен каржыланбаса, комиссияда болбосом, же бир дагы документке кол койбосом кантип мен акча жейм. Душмандарым эл мени депутаттыкка шайлабаса экен деп аябай аракет кылышты. Бактыга жараша өтүп кеттим.

–Мэр болуп олтурсаңыз документтердин баары сиздин колуңуздан өтөт даАнан кантип сиздин тиешеңиз жок болотСоциалдык объектилер сиздин көзөмөлүңүздө эмеспи. Депутаттар бекитип берсе сиз кол коюп иш алып барасыз го?

–Тиешем жок деп айтып жатам сизге. Сиз билбейт экенсиз. Мени көрө албаган Майлуу-Сууда төрт котур бар. Ошол котурлар ушул иштердин баарын жасап жатат. Бул болуп келген нерсеге мени дагы туш кылып жатышат. Мени кол койду, акчасын жеп келди дегендер фактысын таап келсин. Эч нерсе жок.

–Анда кайдан жүрүп «самсаканачы» деген атка илешип жүрөсүз?

–Менин ишканаларым бар. Анын баарын мамлекеттик кызматка бараарым менен туугандарыма мыйзамдуу түрдө өткөрүп бергем. Бул боюнча көрө албай изилдеп, артымда турган шыбакчыларым бар. Ошолор тынчыбай аракет кылып жатышат. Самса жасоо колумдан келбейт. Келсе адал оокаттан качпай самса жасап сатмакмын. Самсаны укмуш кылып жасайт элем, анда бул кызматтын кереги жок эле. Жигитче айтып жатам. Адам коррупционер, мамлекеттин, элдин жетимдин акысын жеди десе жаман болмокмун. “Кыянбек самсачы» десе мен сүйүнөм, каалагандарын айта берсин.

Булак: "Де-Факто"

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости