www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаман энесизби...?

Албетте, ар бир эне өзүн жакшымын деп эсептейт. Анткени адамдын кемчилиги эч качан өзүнө билинбейт. Эгер сиз эне катары өзүңүзгө баа бере албасаңыз, төмөнкү макалага көз жүгүртүңүз. Бул пункттардын бир нечеси сизге тиешелүү болсо, өзүңүздү өзгөртүүгө аракет кылыңыз.

1. Балаңызды башка балдар менен салыштыра бересиз

Мындай кылууга болбойт. Анткени өзүңүздүн балаңызды башкаларга салыштыруу менен анын өзүн-өзү баалоосун төмөн түшүрөсүз. Андан көрө балаңыздын жакшы сапаттарын көбүрөөк баса белгилеңиз. Ошондо ал сапаттары андан бетер өнүгөт.

2. Балаңызга ишенбейсиз

Балаңызга ишенбегениңизди ачык айтып билдирүү эң жаман. Ошондой эле анын күндөлүгүн, телефонундагы же социалдык тармактардагы билдирүүлөрүн окусаңыз, анда сиз начар энесиз.

3. Пайдалуу нерсе жасаганга мүмкүнчүлүк бербейсиз

Айрым энелер балдарына тигини да, муну да жасоого уруксат беришпейт. Себебин бир нерсени сындырып же бузуп коюусу менен түшүндүрүшөт. Бул туура эмес, ар бир адам кетирген каталарынан улам бир нерсени үйрөнүүгө тийиш.

4. Өзүңүз жетпей калган нерсени балаңыздан талап кыласыз

Өтө чоң кемчилик. Бала сиз окуй албай калган окууга барууга тийиш эмес. Же болбосо ал үчүн эмес, сиз үчүн кызыктуу болгон ийримге катышышы керек эмес. Балаңыздын жан дүйнөсүнө жакын нерсени тандаңыз.

5. Бардык нерсеге тыюу сала бересиз

Катуулуктун да чеги болот. Анын ар бир суранычына “жок”, “болбойт” деп айта берүүнү токтотуңуз. Эгерде токтотпосоңуз, балаңыз чечкинсиз, адам менен аралаша албаган түнт болуп чоңоёт.

6. Балаңыздын сырларын сактай албайсыз

Балдардын көпчүлүгү ансыз деле ата-энеси менен ачылып сүйлөшө беришпейт. Андыктан өзүнүн алгачкы сүйүүсүн же башка ички сырларын айтса, аны бардык эле келген кишиге айтып бере бербеңиз.

7. Балаңыздын досторун тааныбайсыз

Балаңыздын досторунун аттарын эле эмес, жакын досторунун телефон номерлерин, үй даректерин да билүүгө тийишсиз. Бул камкор эне үчүн өтө маанилүү нерсе.

8. Кыялдануусуна жол бербейсиз

Баланын фантазиясы күчтүү болот. Ошол фантазисынан чыккан кыялдарын жана каалоолорун айтса, алардын иш жүзүнө ашууга мүмкүн эмес экенин айтып күлбөңүз. Сиз кайдан билесиз? “Баланын тилегин берет” дешет, балким, убагы келгенде чындыгында эле ишке ашар.

9. Жумуш сиз үчүн биринчи орунда

Муну бала сезет. Эгерде сиз дайым эле жумуш менен алек болуп, бош убактыңыз аз болсо бала сиз менен ачылып сүйлөшпөйт жана эч кандай колдоо күтпөй калат.

10. Балаңызга күч колдоносуз

Айрым энелер күч колдонууну бала тарбиялоодогу эң натыйжалуу ыкма деп ойлошот. Алардын ою боюнча таяк жеп чоңойгон бала “эркек”, кыз бала тартиптүү болуп чоңоёт. Алар бул ыкманы колдонуу менен баласынын аң-сезимине олуттуу доо кетирип жатканын сезишпейт.

Сиз кандай энесиз?

Өзүңүздү эне катары сыртыңыздан баалагыңыз келсе төмөнкү тесттин суроолоруна туура жана так жооп бериңиз. Өзүңүздөгү тигил же бул нерсени өзгөртүү керек болсо, ушул тест жардамга келет.

1. Төрөт үйүнө жөнөргө убакыт жеткенде:

А. Сиз керектүү буюмдарыңызды акыркы мүнөттөрдө салыштырып баштайсыз

Б. Бардыгын бир нече жума мурун даярдап койгонсуз

В. Бардыгын бир нече ай мурун эле дардап койгонсуз

2. Балаңызды канчага чейин эмизесиз?

А. Өзү эмбей калганга чейин

Б. Декреттик эс алуум бүтүп, жумушка чыкканга чейин

В. Бир нече эле күн

3. 8 айлыгында:

А. Дүкөндөн сатылып келинген балдар азыктары менен тамактандырам

Б. Дүкөндүн жана үйдүн тамактарын аралаштырып берем

В. Үйдөн гана жашылчалар пюрелерин жасап бересиз

4. 11 айлык балаңыздын дене табы түнү кокусунан көтөрүлүп кетти. Сиз:

А. Парацетамолдон берип туруп уктап каласыз

Б. Дарыны берип туруп дене табы түшкөнгө чейин уктабай жанында отурасыз

В. Тезинен педиатрга чаласыз

5. Балаңыз упчусун полго түшүрүп алса эмне кыласыз?

А. Салфетка менен аарчып туруп анан бересиз

Б. Чайкап бересиз

В. Кайнак сууга бир нече мүнөткө салып коёсуз

6. 9 айлык балаңыз үйдөгү болгон буюмдарды чачып, кармалап көргүсү келсе:

А. Мындай кылуусуна уруксат бересиз, ал өзү үчүн жаңы дүйнөнү ачып жатпайбы

Б. Кооптуу буюмга жакындаганда “болбойт” дейсиз

В. Алдын ала эле кооптуу буюмдарды башка жакка алып тазалап коёсуз

7. Сиз балаңызга сатып берген оюнчук:

А. Ызы-чуулуу үндөрдү чыгарбайт

Б. Баланын көңүлүн көтөрөт

В. Бир нерсеге үйрөтөт

8. Балаңыздын биринчи жолку туулган күнүндө:

А. Бир шамды торттун үстүнө коюп, балаңызды сүрөткө тартасыз

Б. Таттуу пирог жасап, досторуңузду конокко чакырасыз

В. Туулган күндү белгилөө үчүн 3 күн даярданасыз

Эркиндикти сүйгөн эне

Эгерде сиздин жоопторуңузда “А” жообу басымдуулук кылса, сиз балаңызды эркин тарбиялайсыз. Кош бойлуу кезиңизди да атайын эрежелерге баш ийбей жүрөгүңүз каалаганды кылып өткөргөнсүз. Сиздин бала тарбиялоодо өзүңүзгө таандык атайын көз караштарыңыз бар. Жакшы кожойке болууга аракеттенбейсиз: балаңыз түшкү тамакты ичкиси келбесе, чипсы менен деле тамактандырып коё бересиз.

Идеалдуу эне

Эгерде “Б” деген жооптор көп болсо, анда сиз эрежеге баш ийген энесиз. Бала тарбиялоодо дайыма алтын ортолукту кармаганга аракет кыласыз. Майда-чүйдө нерселер үчүн тынчсыздана бербейсиз. Буга чейин да ини, сиңдилериңизге кам көрүп бала кароо жагынан тажрыйбаңыз бар болушу мүмкүн. Өзүңүздүн көз караштарыңыз бар: белгилүү бир саатта бул же тигил тамакты бериш керек.

Тынчы жок эне

Дээриңизден эле тынчы жок жаныңыз балага келгенде бул сапатыңыздын чеги жок болуп кетет. “Эмне үчүн ыйлап жатат?”, “эмне үчүн тынчсызданып жатат?” деген суроолорду өзүңүзгө берүүдөн тажабайсыз. Балаңызды чектен чыга эркелетип коёсуз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости