www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргыз азиздер федерациясы», Кыргыз Республикасынын аймагында жашап жаткан көзү азиз инсандардын мүмкүнчүлүгүн кеӊейтүү жана билим деӊгээлин жогорулатуу максатында 6 айлык окуу курсуна чакырат.

Окуу программасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

• Брайл арибинде жазуу жана окуу,

• Компьютер жана смартфондорду колдонуу,

• Ак таякча менен өз алдынча басууну өздөштүрүү,

• Орус жана англис тилдерин өздөштүрүү,

• Тамак жасоо, уй жыйноо жана башкалар.

Сабактар саат 9:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарында жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетинин жаӊы имаратында болот. Катышуучулар окуу куралдар жана бекер жатакана менен камсыздандырылат.

Долбоор экс-президент Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин каржылык колдоосу менен ишке ашырылат.

Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаӊыздар болот:

0707 37-73-73 Азат Токтомбаев, директор 0773 65-66-17 Жалалдин Абдувалиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости