www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөндө даңазалуу дастанчы жана манасчы Тыныбек Жапый уулу тууралуу табылган архивдик жаңы маалыматтарды жазып, кийинки кезек алп акын Арстанбек Буйлаш уулу тууралуу болоорун эскерткен элем. Мына эми кезек келди. Алматыдан табылган архивдик казынамды аңтарып карасам Арстанбек Буйлаш уулу жана анын атасы тууралуу да маалымат бар экен.

Нет описания фото.

Буга чейин алп акын Арстанбек тууралуу бир да архивдик маалымат жок эле. Атайын изилдөө да болгон эмес. 1873-жылдагы кыргыз уруулары тууралуу документ Алматыдагы архивден табылып, анда Тынымсеит уруусунун бийи Буйлаш болгону, ал Нарын жээгине жакын аймакты ээлегени жазылган.

Ал эми Арстанбек Буйлаш уулу тууралуу архивдик жаңы табылгада ал 1874-жылы январь айында Заукин (Жууку К.М.) болуштугунун биринчи айылына 1873-1876-жылдарга үч жылдык мөөнөткө бий болуп шайланганы көргөзүлгөн. Жууку болуштугунун болушу болуп кадимки Боронбай бийдин уулу, Ормон хандын күйө баласы Өмүрзак Боронбаев, анын орун басары же болушка кандидат болуп Токсаба Адрамановдун шайланганын көрөбүз. Бул документте акындын фамилиясы Буйлашев Буйвашев деп ката жазылып калганын да көрүүгө болот.

Возможно, это изображение (1 человек и текст «арстанбектен алп саптар кайратын тоону бузса да кашыктап колду сузсан да оозундан чыккан сезуне 300 кулатып учсан da элин менен- бийиксин! элден чыксан кийиксин! арстанбек Ðy»)

Кийинки дагы бир документте, 1874-жылдын 9-майындагы Жети Суу облусунун Аскер губернаторуна Жууку болушунун бийлеринин кайрылуусунда да биринчи болуп Арустанбек Пиляшев деп Арстанбек Буйлаш уулунун колу коюлуп мөөрү басылганы айтылат. Ошол эле каттын арап ариби менен жазылган түп нускасында эң биринчи Арстанбек Буйлаш уулунун аты-жөнү жазылып мөөрү коюлган. Мына ушул маалыматтан улам Арстанбек алп акын эле эмес, атасынын жолун улап Жууку болушунун биринчи айылына бий болгонун да көрөбүз. Буга чейинки Арстанбек Буйлаш уулунун өмүр баяны жазылган бардык макалаларда, китептерде анын бий болгону тууралуу эч айтылган эмес. Демек бул илим үчүн жаңы маалымат жана табылга!

Нет описания фото.

Нет описания фото.

Эми Арстанбек Буйлаш уулунун өмүр баянындагы дагы бир чалкештик анын жашаган жылдары. Көп эмгектерде анын жашаган мезгили 1824-1878-жылдар деп көргөзүлөт. Айрым гана макалаларда 1840-1882-жылдар белгиленген. Биз үчүн экинчи варианты туурадай сезилет. Анткени ал 16 жашында Анжыянга атасынын артынан барып, Алымбек даткага жолугуп анын жанында ырдап жүргөнү, анын жардамы менен атасы баштаган туугандарын бошотуп алганы айтылып келет. Чындыгында 1856-жылдары Алымбек датканын Кокон хандыгында доораны жүрүп, баш үвазир да болуп турганы булактардан белгилүү. Демек, 16 жаштагы жаш акын Арстанбек бир жылдай Алымбек датканын жанында ырдап, өз туугандарына зор кадыр барк менен келгени белгилүү. Ал эми төрөлгөн жана өлгөн жылын буюрса Алматыдагы архивден оңой эле тактап койсо болот. Ал алдыда жасалчу иш!

Кыяс Молдокасымов, тарыхчы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости