www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин портрети иш бөлмөгө илинбесин, Улуттук лидерлердин сүрөттөрү тагылсын! Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилди:

“Мындай талап же сунуш менен мурдагы Президенттерге да кайрылгам. Президент болуп шайланаары менен мелдеш сыяктуу анын сүрөтүн иш бөлмөлөргө илүү башталат. Кээде аттуу-баштуу жетекчилердин иш бөлмөсүнө кирсең ал сүрөттөрдү ишара кыла тилдеген сөзүн, ал гана эмес сөккөн учурларына күбө болосуң.

Андыктан алдыдагы Президенттик шайлоо болгонго чейин, болом деген кыйындарга кулак кагыш кылгым келет. Кимиңер шайланып калсаңар да сүрөтүңөрдү илдиртпей эле койгулачы, бай болгурлар! Бала бакча башчысынан тартып, ар бир мектеп мүдүрү, айыл өкмөт башчысы, башкы дарыгерлер жана башка жетекчилерди санаганда бери дегенде эле 7 миңдей портрет талап кылынат экен. Ар бир портретти орто эсеп менен 2 миң сомдон деп эсептесек 14 миллион сом кетет экен. Аларды соңку 30 жылда мыйзамдуу эсептелген 4 Президентке көбөйтсөк 56 миллион сом болот экен. Демек ушунча акча шамалга учкандай эле жок болуптур.

Эгерде таптакыр эле артыңарды жайдак калтыргыңар келбесе, сүрөтсүз бөлмөгө отурбайбыз десеңер, соңку 100 жыл аралыгында жашап, эмгектенген улут лидери атыккан Жусуп Абдрахманов менен Исхак Раззаковдун сүрөтүн илип алгыла! Эч жаңылбайсыңар! Ал эми Президент болуп шайланып калганыңар өзүңөрдүн жылмайган сүрөтүңөрдү дубалга тактыруудан баш тарткыла! Эгер силер да куулбай, улуттук лидерге айлансаңар сүрөтүңөрдү береги эки сүрөттөй эл издеп жүрүп өздөрү аздектеп алышат!
Анда макулдаштыкпы?!”.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости