www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйыл 2017-жылы залкар манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгы белгиленмекчи. Демек ал 1867-жылы төрөлгөн. "Мурас" фонду менен Алатоо университети биргеликте манасчыга арналган эл аралык илимий жыйын өткөрмөкчүбүз.
Эми сөздүн ток этер жеринен баштайын. Өткөн 2016-жылы Сагынбайга арналган Каныбек Иманалиевдин "Сагынбай (Кеменгер жөнүндө ода)" аталышындагы 316 беттик очерк-эссе китеби жарык көргөн. Чынын айтканда автор жатык тил менен жакшы жазат. Саякбайга арналган китеби да жакшы жазылган. Бул китеп да ошондой жазылган деп алып, алгачкы беттеринен эле 9 жашар Сагынбайды Ормон хандын алдына алып келип Манас айттырып, анын батаасын алдырган жерине келип эле тык токтодум. 1854-жылы каза болгон Ормон ханга 1867-жылы төрөлүп, 1876-жылы 9 жашка чыккан Сагынбай Орозбак уулу келип Манас айтып, батаасын алып жатканына таң калдым. Бул эң жөнөкөй тарыхый сабатсыздык эмей эмне?!
Кантип эле Сагынбай төрөлгөнгө чейин 13 жыл мурда каза болгон Ормон хан 22 жылдан кийин кайра тирилип келип жаш манасчынын Манасын угуп, батаасын берип калсын! Бул баягы Курманжан датка көркөм тасмасындагы каза болгон Алымбек датканы тирилтип 5 жылдан кийин Жантайга жолуктургандай эле кеп болуптур. Кандайдыр бир макала же чыгарма жазаарда бир аз ойлонуп анан жазгылачы бар болгурлар! - деп ачуу чындыкты жазды тарыхчы Кыяс Молдокасымов өзүнүн Фейсбук баракчасына.
Булак: NazarNews.kg