www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште «турак-жай, курулуш мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү» долбоору талкууланып жатканда Кыргыз эл артисти Керим Тураповдун качанкы жер тилкеси боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Улукбек Ормонов Тураповдун мүлк укугу тууралуу сөз козгоду. “Документтердин баары колунда болсо, 2-3 миллион сом сарптаса, эми соттун чечими менен токтотуп койсо, бул чыгымдарды ким төлөйт?” деп депутат Бакирдин Субанбеков Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевден сурады. Ага ал: «Керим Тураповдун жери жок болуп калды. Ага берилген жердин укугун мэрия алып койду, териштирет го»,-деп кыска-нуска жооп берип кутулду.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарындагы “Түштүк дарбазасы” жактан 0,28 гектар жер тилкесин 2008-жылы мыйзамдуу жол менен сатып алганын, Түркиядан инвестор таап, кабат үй салдырып, биринчи кабатында вокал мектебин ачууну көздөгөнүн Керим Турапов айтып эле келатат.
Бирок, 2013-жылы прокуратура органдары бул тилкенин бөлүнүшү мыйзамсыз болгонун айтып чыгышкан. Соттук териштирүүлөрдөн кийин, Жогорку Соттун чечими менен Керим Тураповдун жерге ээлик кылуу укугу мыйзамсыз деп табылган. Учурда курулуш иштери токтоп турат. Кыскасы, Керим Тураповдун алган жеринин багы ачылбай келатат.
Булак: NazarNews.kg