www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдө белгисиз бирөөлөр тарабынан болжол менен 20-25 жаштагы адамды өлтүрүп жана көмүп салганды тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Бул маалыматты текшерүү учурунда өлгөн адамдын өздүгү аныкталып, Аламүдүн айылынын 1989- жылы туулган К.Т., болуп чыккан. Ал 2007-жылдан бери дайынсыз жоголуп жүргөндүгү аныкталган. Жогорудагы факты боюнча ыкчам-издөө иш аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү адамдардын өздүгү аныкталып, алар 1991-жылы туулган бир нече жолу соттолгон Кант шаарынын тургуну Б.В., азыркы маалда Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 172-беренеси менен Аламүдүн районун соту тарабынан 5 жылга соттолуп Бишкек шаарында камакка алынгандыгы аныкталган. Ошондо эле 2017-жылдын 5- июнь күнү ыкчам-издөө иш аракетинин жүрүшүндө ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип М.А., аттуу жаран кармалып күнөсүн мойнуна алып 2007-жылы апрель айларында Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылында бир үйдүн ичинде М.А., Б.В., жана К.Т., болуп өз ара урушуп кетишип, натыйжасында Б.В., К.Т., аттуу жаранды башка үбөлүк менен бир нече жолу чаап андан соң электрикалык зым менен муунтуп экөөлөп үйдүн короосуна сүйрөп барышып көмүп койгону аныкталган. Тергөө маалында М.А., аттуу жаран көмүп койгон жерин көрсөтүп берген, жерди казган учурда адамдын сөөк калтыктары жана кийими табылган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө деп билдирет ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости