www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов Шамшы Султаналиевдин Алмазбек Атамбаевдин теги тууралуу жазган, Молдокасымовдун аты аралашкан макаласын тактап, өз пикирин билдирди. Анын тексти төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

“Мен Шамшы Султаналиев аттуу "тарых доценти" (менимче фейк сыяктуу, буга чейин эч укпаптырмын) Атамбаевдин теги тууралуу жаңылык ачканбы десем, ал мурда эле жарыяланган жармач макаланы эле кайра кайталап коюптур. Аны Мырзакат Тыналиев деген жаңылык катары көрүп жарыялап, анан окурмандарга актуалдуу болсун деп мени аралаштырып, тийишимиш болуптур да, анан биринчи, экинчи деп жомогун кайра баштаптыр. Деңгээлин көрүп, ичимен күлүп, теңелгим да келбеди. Менин макалам чыкканда өзү иштеген "Кыргыз Туусуна" ушинтип жазып, баатырдык кылса колун кысмакмын. Ал кезде конулда жатып, тескерисинче, мактап-жактап, кызмат кылып келген жазмач Атамбаев азыркы абалда жатканда "баатыр" болуп чыга калганын көрүп, "аа бечара" деп гана койгум келди. Бокту сайган сайын сасыткым да келбейт.

Атамбаевдин ата-бабалары тууралуу архивдик маалыматтардын негизинде тактоого алган макаламдын үтүр-чекитине чейин тууралыгын кайсыл мезгилде болбосун ар дайым туура деп айта алам. Өз убагында, 1844-1845-жылдары оор абалда калганда Шаманы Баткендин Кожешкен тоолорунан өзү менен кошо алып келген Солтонун даңазалуу уулу Чыңгыш баатыр Шаманы өз баласындай канатына калкалап, сен ичкиликсин, бөтөнсүң дебей бооруна батырган кеменгерлигине таазим этем. Ал гана эмес Чыңгыш баатыр Кокондун Бишкектеги сепили алынганга чейин эле каза болоор алдында балдарына, туугандарына: "Шаманы бала-чакасы менен ким өгөйлөп бөлсө, менин арбагым урат!" - деген мурасы арашандыктардын эс-тутумунда алигиче сакталып келгенине там берем. Кыргыздар бөтөн жерден, бөлөк уруудан келгендерди ушинтип боор батырып, эл кылып алганы тарыхтын өзгөчө улуу сабагы. Азыркы элди бөлүп-жарып, бузукулук кылып Фейсбукка жазгандардын өзү таза кыргыз экенине шектенем!

Балким, бул изилдөөгө чейин эле өзбек эсептелип келген кыргыздын 19-кылымдагы чыгаан тарыхчысы, Ноокаттагы Төөлөс уруусунан чыккан Зиябиддин Максым менен Ноокендик Чоң Багыш уруусунан чыккан жазгыч акын Молдо Калбекти да Кыяс кыргыз кылып койду деп талашаарсынар!? Алар тууралуу да Ташкенттеги архивден өткөн жылдын аягында жаңы маалыматтарды таап келдим. Балким жаңы табылган бул маалыматтарды да жалган деп чыгаарсыңар!? Кытайдан табылган жаңы маалыматтарга карата дагы бирөөнүн келжиреп жазганын көрүп, түшүнүгүнө, адамдык парасатына тооба дедим! Ток этээрин айтканда тарыхтагы жаңы маалыматтарды түшүнүүгө деңгээлиңер жетпесине эми бекем ишендим, Фейсбуктагы жазмачтар! Аман болгула!”, - деп жазган Молдокасымов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости