www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СДПК эл суу кошулган кыламык сүттү ичип отурганда, каймагын калпып ичкен Кыргызстанда гана эмес, Борбордук Азиядагы эң күчтүү партиялардын бирине айланганы жалган эмес. Кудай карантинден сактасын, парламенттик шайлоо мыйзамдын негизинде күзүндө болот. “Өлө элек аюунун терисин талашкандай” деген эпитет туура эмес, акыркы жылдары СДПК “саясий талпакка” айланып баратканы эмчектеги баладан башкага дайын болуп калды. 2007-жылы октябрда оппозициялык күчтөрдүн таасири алдында Кыргызстанда жаңы Башмыйзам кабыл алынып, бул боюнча мурун талашта келе жаткан Жогорку Кеңешке мажоритардык тартипте же ар бир шайлоо округунан депутат шайланып келүү системасы жоюлуп, партиялык жол менен шайланып келүү ыкмасына өткөн. 2007-жылы декабрда парламенттеги 90 орунга биринчи ирет он алты партия бул чоң чабышка түшүп, “Ак Жол” партиясы 71 мандат, СДПК 11 мандат, Кыргызстан коммунисттери 8 мандат менен парламентке шайланып келишкен.

2010-жылдагы бийлик алмашуу жаңы текебаевдик –нарынбаевдик Башмыйзам менен коштолуп, парламентке шайлана турган партияларга чек киргизилген. Парламентке шайланып келүү үчүн 5 пайыздык босогодон өтүш керек жана парламентте абсалюттук көпчүлүк добушту ээлеп калбашы үчүн бир партия 50 пайыздан көп добушту ээлебеш керек эле. Андан бери парламенттик шайлоого 2010 жана 2015 - жылы эки ирет, президенттик шайлоого жана жергиликтүү Кеңештерге шайлоого экиден ирет шайлоо болду. Ушул жылдары бийликте турган СДПК партиясы бийликке таянып биринчи жана экинчи орундарда келе жатты. Акыркы, 2015-жылы болгон парламенттик шайлоодо СДПК өз күчүн салмактап, оюу менен парламенттик мандаттын тең жарымын ээлеп, калган орундарды ушул партияга “клон” болуп келаткан “Кыргызстан” партиясы ээлейт деген дем менен келгени менен, экөө биригип парламенттин тең жарымын ээлешкен эмес. Акыркы жылдары Борбордук Азияны чаңдатып турган бул партиянын мурунку дарамети түгөнүп, эки–үчкө бөлүнүп, эми бул партиянын стратегиялык максаты СДПКны эптеп сактап калуу болсо, ал эми СДПКдан бөлүнуп чыгышкан партиялардын тактикалык максаты парламенттик шайлоодо жеңишке жетишип, бийликтин бир бучкагын чоюп туруу болуп калды.

Электорат деген электорат, СДПК “саясий талпакка” айланды деп электорат отуруп бербейт. 2010-жылкы шайлоолордо СДПКга добуш берип келген электораттын манжа менен санай тургандары гана азыркы СДПКга добуш бербесе, көпчүлүгү эми башка партияларга добуш беришери бышык. Ошол үчүн эмки парламентте орун алууга умтулушкан партиялардын көпчүлүгү СДПКнын электоратын өздөрүнө имерип алыш үчүн чапкылап, жан үрөй башташты.

СДПК демократиянын шарданынан пайдаланып көп убакыт оппозициялык багыт менен жүргөн Кыргызстандын эсеби боюнча эски партия. Албетте, дүйнөдө бир –эки кылымдык тажырыйбасы бар партияларды эски партиялардын катарына кошот. Ал эми 1991-жылга чейин бир гана тоталитардык коммунисттик партиянын кол алдында келген биздин республикада, эгемендүүлүктү алганга удаалаш жарык дүйнөгө келген партияларды эски партиялар деп коюшат. Аскар Акаев президент болуп турган убагында партияларга анча деле маани берген эмес. Ошого карабастан, партиялар жамгырдан кийинки козу карындай жыбырап, жер–жайнап кеткен. Негизи мажоритардык системада парламентке шайланып келишкен, бир нече шайлоодо гана анча–мынча пайыз партияларга орун берген. СДПКны түзүүдө ыраматылык Жумабек Ибраимов, Амангелди Муралиевдер негизги чечүүчү ролду ойношкон. Ал мезгилдеги жаш саясатчы Акылбек Жапаров СДПКнын штабын жетектеп, кийин партиялык тизме менен биринчилерден парламентке депутат болгон.

Ал эми 2005-жылы парламенттик шайлоодо мыйзам боюнча мажоритардык системада шайлоо болгон. Бирок, бийликтин “Алга Кыргызстан” партиясы түзүлүп, ошол партияга жамынышып ал кездеги президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева менен уулу Айдар Акаев парламентке депутат болуп келишкен. Бул учурда СДПК эл оозуна алына элек болчу. СДПКнын лидери болуп калган Алмазбек Атамбаев тууралуу оозго батымдуу сөздөр деле боло элек болчу. Албетте, Алмазбек Атамбаев 2016-жылы Индияга иш сапарга барганда ооз көптүрүп мактангандай: “Президент Акаев “Мерседес” минип жүргөндө, ал “Вольво” менен жүрчү”, “Владимир Путин Собчактын чемоданын ташып жүргөндө, ал мульти–миллионер” болчу. 2005-жылы март окуясынан кийин, СДПКнын лидери президенттикке талапкер Феликс Куловдун республикалык штабын жетектейт. Кулов тандем аркылуу премьер–министр болгондо, май талкандуу өнөр жай министри болуп калат. СДПКнын лидери бул орунга канааттанган эмес, ошондуктан 2006-жылы бийлик менен кайым айтышып бошогон Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен бирге оппозициячыл “Реформа үчүн” кыймылын жетектеп, 2017-жылы апрелде өкмөт башчысы болуп, президент Курманбек Бакиевди көкөлөтө мактап, оппозициядагы адамдарды “текени ээрчип мууздалганы бараткан эт комбинатындагы койлорго” теңеп, жанчып жок кылган. Оппозиция кайрадан бутунан тургуча СДПКнын лидери Алмазбек Атамбаев өкмөт башчысынан жыдып түшүп калган. 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо партиялары менен парламентке өтпөй калышкан оппозициялык партиялардын жоон тобу “Коомдук парламент” түзүшкөн. Бийлик менен оппозициянын ортосунда, экөөнө тең кошула албай салактап калган СДПКнын лидери Алмазбек Атамбаевди оппозицияга тартышкан “Коомдук парламентти” түзүшкөн Өмүрбек Текебаев менен Аликбек Жекшенкулов болушкан. Кийин Атамбаев мамлекет башына келгени экөөнү тең жыргатпады. “Коомдук парламент” оппозициянын кайрадан калыптанышына, Бириккен элдик кыймылдын түзүлүшүнө, бийликтин алмашышына чоң салым кошкон.

2010-жылы 7-апрелинен баштап СДПКнын күнү тууйт. Парламенттеги СДПК фракциясынын төрайымы Роза Отунбаева Убактылуу Өкмөттүн башына келип, ал эми СДПКнын лидери Алмазбек Атамбаев Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары болот. Бийлик үчүн күрөш башталат. Башмыйзам жазылып, парламенттик шайлоо 2010-жылдын октябрына белгиленип, ошондон бери СДПК камчысын жогортон жорто чапкан бийлик партиясына айланган.

“Саясий талпакка” айланган СДПК мурункудай катуу чүчкүрө албай калды. Эми анын электоратын ким ээлейт. Парламентке өтүп келишкен “Республика –Ата –Журт”, “Бир бол”, “Ата –Мекен” “Улуттар биримдиги” менен бирге, “Өнүгүү –Прогресс”, “Кыргызстан” партияларынын өз электораты бар. Эгер парламенттик шайлоодо босого мурункудай жети пайызга түшсө, булардын арасында парламентке келе тургандары бар. Ал эми булардын кээ бир электоратын жана “саясий талпакка” айланган СДПКнын электоратын күч–кубатка толуп келаткан “Мекеним,Кыргызстан”, “Биримдик” ээлеши мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости