www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушунда маршруттун айдоочулары өз билемдикке салып, жол кирени 15 сомдон 20 сомго көтөрүп жатышат. Мындай билдирүүнү болжол менен ошол жакта жашаган тургун видеотасмага тарткан. Аталган видеотасманын автору айдоочуга: "Сиз бригадирсизби? Эмне үчүн 20 сомго көтөрүп алдыңар? Себеби эмнеде? Биз бир үй-бүлөдөн 3 киши маршруткага чыгабыз",- деп айткан. 

Аны менен бирге унаага чыкан жүргүнчүлөрдүн ичинде кайым айтышуу орун алган.

Аталган окуяны тактоо үчүн Жол транспорт минисрлигинин Автротранспорт агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгын башчысы Абдраимов Уланаалыга байланыштык.

Анын айтымында, аталган окуя 27-майда Мурас-Ордо жаңы конушунда болгон. Тасмадагы айдоочу 206-маршруттук каттамдын айдоочусу экени аныкталган. Маршруттук каттам боюнча 4 структура план түзгөн. Ага ылайык, маршруттук каттамдарда жүргөн жүргүнчүлөрдүн 70% олтуруп кетиши керек. Аталган 4 структура тарабынан түзүлгөн топ 25-майдан 15-июнга айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Атайын топ видеотасмадагы 206-маршруттук каттамдын айдоочусуна да барып, айдоочу иштеген ЖЧКнын жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар, арызданган тараптар менен жолугушуу өткөрүшкөн. Ага ылайык, 206-каттамдын ээси болгон фирмага 10 миң сом айыппул салынып, 15 сом жол кирени 20 сомго көтөргөн айдоочуга акыркы жолу эскертүү берилген. Белгилей кетсек, 2010-жылдан бери 15 сом болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости