www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарыхтан болбогон акчаны аянып, бир эмес үч жолу мамлекет башчылар сабак албай миллиарддаган акчага күйгөнүбүз жалганбы?! Мындай пикирин белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, тарыхты изилдөөгө деп суранган акча каражатын өкмөт зорго бөлүп берген.

“Бүгүн Жогорку Кеңешке чакырылдык. 8-маселе деп көптөн бери депутаттардан суранып жүрүп, Кытайдагы, Ташкенттеги архивдерге, Археологиялык экспедицияларга, табылган архивдик документтерди которууга, китептерди чыгарууга, эски кытай тилин үйрөнүүгө адис даярдоого жана башка толгон-токой маселелерге деп суранган акчанын араң 4төн бир бөлүгүнө өкмөт акебиз араң көнгөн жарыбаган акчаны Славян университетине берилсин деп токтом токуп койо жаздаган жерден араң алып калдык.

Өзгөчө депутат Садык Шерге рахмат! ТЭЦтин моорусун талкалоого 140 миллион бөлөсүңөр да, Тарых дегенде 5 миллион сомду көп көрөсүңөр! Аны да өлкөбүздүн тарыхчыларына ыраа көрбөй башка өлкө менен аралаш университетке бергени жатканыңар туура эмес! Тарыхтан акча аяп отуруп, тарыхтан сабак албай ушул абалга кабылдык! Тарыхтан болбогон акчаны аянып, бир эмес үч жолу мамлекет башчылар сабак албай миллиарддаган акчага күйгөнүбүз жалганбы?! - деп жатып арачага түшүп, акчаны тарыхчыларга бермей болушту окшойт.

Эми ошол арзыбаган акча тийсе, бир топ алгылыктуу иштерди жасаганга аракет кылат элек!

Эң жаманы, Бай жана Карт тарыхы бар, бирок жарды өлкөдө жашап, каражаты жок тарых изилдеген бул бир чети кордук экен!"-деп жазган Кыяз Молдокасымов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости