www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун 9 тарапкери президенттин аппаратынын өкүлү менен жолугуп чыгышты. Алар көтөрүлгөн жагдайды 3 күн ичинде карап, маселени чечебиз деген жооп кайтарган. Чогулган эл бул чечимге каршы чыгып, көтөрүлө башташканда, Садырдын агасы, Сабыр 3 жыл чыдаган элди 3 күн күтүүгө, провокацияга алдырбоого чакырып жатат. Бирок, эл “жок, Садырды бүгүн чыгарып кетишибиз керек! Биз бул жерге ойноп келген эмеспиз!”-деген гана урандарды айтып жатышат.
Белгилей кетсек, ушул тапта Ала-Тоо аянтында өлкөнүн ар кыл аймактарынан келген 5 миңге жакын адам Садыр Жапаровдун боштондукка чыгышын талап кылып нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат.
Эске сала кетсек, экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.
Булак:NazarNews.kg