www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-7-сентябрга чейин Орусия "Восток–2022" деп аталган стратегиялык аскердик машыгуу өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Коргоо министрлиги кабарлады.
Иш-чарага Кыргызстан, Азербайжан, Алжир, Армения, Беларусь, Индия, Казакстан, Кытай, Лаос, Монголия, Никарагуа, Сирия жана Тажикстандын коргоо министрликтери катышат.
Бардык мамлекеттин аскерлери Приморск өрөөнүндөгү "Сергеевский" полигонуна барганы айтылды.
"Машыгуунун негизги багыты Орусиянын жана анын союздаштарынын коопсуздугун камсыз кылууда аскерлердин иш-аракеттеринин варианттарын этап-этабы менен карап чыгуу болуп саналат", — деп жазылат маалыматта.
Коргоо министрлиги аталган машыгуу кайсы бир мамлекетке же аскердик биримдикке каршы багытталбаганын кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg