www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз аялдары орточо эсеп менен канча жашында эне болушат?

Кыргызстанда аялдар орточо эсеп менен 28 жаш бир айында эне болушат. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистикалык комитетинин маалыматында айтылат.

Маалыматка караганда, жогорудагы статистикалык маалымат айыл жана шаарлар боюнча: 2017, 2018, 2019, 2020, 2021-жылдар ичи талданган. Ведомствонун маалыматында, бул көрсөткүч бир нече жылдан бери өзгөрүүсүз калып келет.

Өлкөдө нике курагынын минималдуу чеги белгиленди: Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк кодекси боюнча эркек менен аял 18 жашка чыкканда үй-бүлө кура алат. Буга байланыштуу 18 жашка чейинки аялдардын балалуу болушу эрте деп аныкталган.

2021-жылы төрөгөн эненин орточо жашы:

Шаар жергесинде - 27 жаш 6 ай;

Айыл аймактарында - 28 жаш 3 ай;

Жалпы - 28 жаш 1 ай.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости