www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн дүйнө эли 8-Март Аялдардын эл аралык майрамын белигеп жатат.

Кыргыз эли тээ байыртан аяялзатын сыйлап, урматтап келген. Азыр көпчүлүк жаштар интернет менен алек болуп жатканда, аялзатына тиешелүү болгон, унутта калып жаткан эл оозунда айтылып жүргөн макал-лакаптар менен бөлүшүүнү туура көрдүк. Кыргыздарда аялды тарбиялоодо, аялдын коомдогу орду тууралуу айтылып жүргөн оозеки баалуулуктарыбыздан эле билсек болот.

  1. Ажарлуу аял — адамдын периштеси.
  2. Ажарлуу аял адамдын периштеси, акылдуу аял эркектин шериктеши.
  3. Айылды карай аял күлүк, үйдү карай уй күлүк.
  4. Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык.
  5. Ат алсаң минип ал, аял алсаң сүйүп ал.
  6. Аттын жоргосу кызык,суусундун тунугу кызык,аялдын сулуусу кызык.
  7. Аял — үйдүн куту.
  8. Аял — үйдүн туткасы.
  9. Аял болбосо ашкана жетимсирейт.
  10. Аял жакшы — эр жакшы, вазир жакшы — хан жакшы.
  11. Аял жакшысы — ырысы мол, аял жаманы —кайгысы зор.
  12. Аял жакшысын — эри сүйөт, эр жакшысын — эли сүйөт.
  13. Аял намыс үчүн кара киет.
  14. Аял сергегинен жумуш бүтөт, эркек сергегинен ырыс түтөт.
  15. Аял турмушу — заман күзгүсү.
  16. Аял — эрдин жарым өмүрү.
  17. Аялды ашынан тааны, баланы башынан тааны.
  18. Аялдын азабы көп, түйшүгү түмөн.
  19. Аялдын акылын жесиринде көр, баланын акылын жетиминде көр.
  20. Аялдын анткорү улуу болбой кичүү болот, ага болбой жеңе болот.
  21. Аялдын сулуулугу — ажарында, эркектин сулуулугу — акылында.
  22. Аялсыз үй — суусуз тегирмен.
  23. Аялың мыкты болсо — бактың, аялың кыйды болсо — каттың.
  24. Аялыңды атым дебе камчы салып, балаңды өзүм дебе эрке багып.
  25. Баатырдын алдынан түлкү чыкса кылактап — олжоболот, аял чыкса булактап — жолтоо болот.
  26. Балчы менен төлгөчүдөн, өз аялың артык айтат.
  27. Бир аял — аял, эки аял — базар, үч аял кошулса жарманке.
  28. Жакшы аял — дөөлөт, жаман аял — мээнет
  29. Жакшы аял — ырыс, жаман аял -уруш
  30. Жакшы аял алгандын тою үйүндө.
  31. Жакшы аял бир айыл элди агартат, жаман аял өз башын эптеп агартат.
  32. Жакшы аял жакын кошот, талыкпай окуу акыл кошот.
  33. Жакшы аял жаман эрди жакшы кылат, жаман аял жакшы эрди жер кылат.
  34. Жакшы аял үй ээси, жаман аял жол ээси.
  35. Жакшы аял үйдүн жайсаңы, жаман аял үйдүн шайтаны.
  36. Жакшы таз башын жашырбайт, жакшы аял ашын жашырбайт.
  37. Качан болсо да аял боорукер келет.
  38. Көп аялдуунун кокую көп.
  39. Оймоксуз аял болбойт.
  40. Сүйүүсүз аял карыз алган буюмдай.
  41. Сулуу аялдын сузу жакшы.
  42. Турмуштун туткасы — аял.
  43. Уул таппас аял болбос, анын тураарын айт, мал таппас жигит болбос, анын кураарын айт.
  44. Үй кылган да аял, күл кылган да аял.
  45. Үйдү кырк эркек толтуралбайт, бир аял толтурат.
  46. Үйдүн көркү — аялда.
  47. Үйдө олтурган аялдын ашы менен иши бар, кушу менен неси бар.
  48. Шайыр аялдан шылдыңчыл уул туулат.
  49. Эр төркүнү эшиктен кайтат, аял төркүнү төрдөн кайтат.
  50. Эрге жаккан аял элге да жагат.
  51. Эрди жарыткан да аялы, арыткан да аялы.
  52. Эрди эр кылган да, жер кылган да — аял.
  53. Эрте турган аялдын, бир жумушу артык.
  54. Азазил азгырганда катын эрин чанат.
  55. Азансыз молдо болсо да, казансыз катын болбойт.
  56. Айланайын молдоке, катын алып берсең, канаке.
  57. Айлаш катын — муңдаш, жылдаш катын — сырдаш.
  58. Айт күнү — катын алба, жамгыр күнү — ат чаппа.
  59. Айыл десе катын күлүк, үй десе уй күлүк.
  60. Ак селделүү кожодон, ак жоолуктуу катын артык.
  61. Акылдуу атын мактайт, акылсыз катынын мактайт.
  62. Алган эри жарашса, кара катын ак болот.
  63. Алган эри жарашса, кара катын ак болот, баккан ээси жарашса, кара күчүк сак болот.
  64. Алжаке эркекке жалжаке катын туш келет.
  65. Ат качаган болгон соң, аштан, тойдон калган соң, күлүктүгү не пайда!Катының сулуу болгон соң, аркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда!
  66. Ат менен катынга ишенич жок.
  67. Эр сыйлабас катындын, тулчулук берээр сазайын.
  68. Ат сыйлаган азамат жөө баспайт, эр сыйлаган катын эшикте калбайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости