www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 52 өлкөдөн ыктыярчылардын украиндер менен жанаша согушууга келгенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка караганда Кулеба онлайн маалымат жыйында учурда бүткүл дүйнөнүн Украинанын жанында экенин айткан.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин чет элдиктерге да өз өлкөсүндө орус армиясына каршы согушуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бергенин эске салган Кулеба: "Түшкөн кайрылуулар каралып жатат. Дүйнөнүн эркин адамдарынын аракет кылып жатканы таң калычтуу. Учурда бизге 52 өлкөдөн тажрыйбалуу ыктыярчылар келүүдө. Бул алардын каалоосу. Биз аларды шыктандырган жокпуз. Бул бир гана жакшы тарапта күрөшүүнү каалагандардын тилеги",-деди.

Кулеба Украинаны коргоо үчүн келген чет элдиктердин жалпы санынын 20 миңге жакындагандыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости