www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Эсепчилердин бүгүн эмне кереги бар?» - деген меркантилдүү ой-жүгүрткөн замандаштарыбыз жок эмес. Бир жаатынан азыркы метеорология жетишип, алдын ала аба-ырайынын прогноздорун берип турганы үчүн айтылып жаткандыр. Эсепчилер метеорология менен гана чектелген эмес. Алар жылдыз менен байланышып, аалам түйүндөрүн чечкен. Эсепчилерге туура түшүнүп, алардын тарыхына кызыккан адамдар жок эмес. Алардын арасында Каныбек Осмоналиевди алып көрөлү:
1. Каныбек Осмоналиевдин биринчи керемети: Келечекти көрө билгендиги!
«Эгер артыңды тапанча менен атсаң, алдыдагылар замбирек менен атат» деген кеп бар. Каныбек Осмоналиевдин эсепчилерге болгон симпатиясы жогору. Учурунда «Эсенбай эсепчи» тууралуу материалдарды жарыялай баштаганда өзүнүн эсепчилер жөнүндө ой-пикирин кошкондон улам айтам.
Мындай инсандар бар кезинде кыргыз элинде эсепчилер тууралуу аңыздар жок болбойт. Эсепчилердин кыргыз элинде болуп келгени илимий чөйрөнү кызыктырып турат. Мунун бир себеби ай-аалам сырларын жөнөкөй эл биле бербейт. Ал үчүн түпкүрдө кандайдыр бир түртө турган күч болууга тийиш. Биз манасчыларды ойлойбуз, кандайдыр бир күч түрткү берип, манасчылык кесипти аркалап калды деп. Эсепчилер да эл билбеген астрономиялык ар бир кыймылды байкап, алдыдагы келе турган жылдардын кандай болуп калышын ким биле алат? Караңгы түндө асман, жылдыздарды карап жата бер, бирок мээде эч нерсе жок болсо эмне пайда, ал эми эсепчилер ар бир жылдыздын жылышын тыкыр байкап, өз ой божомолдорун жалпы элге билдирип турган. Элге белгилүү эсепчилердин «акыркы Могикандарынын» бири Эсенбай эсепчиден азын-оолак эл оозунда кептер калган. Башкалар билимсиз деп эсептеген кыргыз элинде астрономияны жакшы билген Эсенбай эсепчи сыяктуулар цивилизациялуу илимпоздор билген сырларга тете нерселерди сезе билип, акыл-туюму жаатында алар менен теңме-тең турган. Анан кантип кыргыз элин сабатсыз деп айта алабыз.
2. Каныбек Осмоналиевдин экинчи керемети: Дилгирлиги!
Жөн гана министр болгондон тышкары ар нерсеге дилгир инсан. Каныбек Осмоналиев дилгирлигинен улам илимден ишин улантып, илимден өз жолун тапты. Окумуштуу, мамлекеттик ишмер, учурунда эл агартуу министри болгон Каныбек Осмоналиев "Илим жана турмуш" көрсөтүүсү менен кыргыз илимий чөйрөсүн бир кадамга көтөргөн. Анын "Илим жана турмуш" көрсөтүүсүн теледен алып салганда соцтармактарда коомдук пикирлер түзүлүп, мындай илимди даңазалаган көрсөтүүлөр кыргыз элине чоң, зыян алып келери айтылган. Ооба, ошондой эле болду. Кыргыз элин кыйырларга алып чыга турган Эсенбайга окшогон эсепчилерге маалымат беттеринде оң баа берилбей, улам эскирип, алар кыргыздын коомдук жөрөлгөсүндө таштандыга айланып бара жатат. Эгер «Илим жана турмуш» көрсөтүүсү болгондо бизде да ааламды аңтарып-теңтерип жүргөн эсепчилер болгон дешип, анча-мынча жерден моюн бербей кетет элек.
3. Каныбек Осмоналиевдин үчүнчү керемети: Билимдүүлүгү.
Билим берүү министрлигинин башатында турган адамдар эмне деген бийик адамдар эле. Агартуу министрлиги жаштарга илимий жактан көктөөсүнө шыкак берген. Эң биринчи билим жаатын тейлеген эл комиссары Касым Тыныстанов кыргыз тил илимин өнүктүрүүгө зор эмгек кылган. Касым кыргыз жазма адабиятын жана идимий тил таанууну баштоочулардын бири. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус
алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн. 1936-жылы профессорлук наамын алган эң, биринчи кыргыз. Токчоро Жолдошевдин кыргыз көркөм адабиятынын кандай болушу керектигин кашкайта көрсөткөн чыйрак
макалалары азыр да кызыгуу жаратат. Туңгуч кыргыз сынчысы, бир боор калкынын сабатынын ачылышына үлкөн салым кошкон мугалим, эл агартуу иштерин уюштурган министр. 32 жашында репрессияга кабылган.
Осмонкул Аалиевдин тагдыры да башка курбалдаштарындай кандуу жазалоого туш келип, 35 жашында коммунисттик бийлик тарабынан атып жок кылынган.
Эми башка улуттун өкүлдөрүн коё туруп Юнусалиевге келели. Академик Болот Юнусалиев кыргыз илиминдеги беш манжа менен саналчу залкарлардын бири. Илимий эмгектерин кыргыз-орус тилинде эркин
жаза алган, принципиалдуу маселеге келгенде эч качан позициясынан тайбаган, өзү туу туткан акыйкатты коммунисттик бийлик алдында да тартынбай коргоп, куугун-кысымга карабай, калыстыкты бекем кармап
жашаган улуу инсан. Анын артында калган илимий эмгектеринин барк-баасы арадан жарым кылым ашуун убакыт өтсө да эч кемибей, түркологиянын классикалык үлгүсү катары жаңы муундагы окумуштууларды кызыктырып келатат. Болот Юнусалиев 1945-1951 жылдары министр болгон, андан соң:
Султан Токтогонов 1951-1955; Таштанбек Тургунов 1956-1962; Абдылда Каниметов 1962-1977; Аскар Турсунов 1978-1986; Жаныбек Шаршеналиев 1986-1988; Мукаш Базаркулов 1989-1991; Совет мамлекетинин акыркы жылдарына Абдылда Каниметов сыяктуу министрлер элге жарык чачкан маяк сымал эле. Каныбек Осмоналиев да алар сымал бийиктикке көтөрүүлүүнү каалаган инсан, ал да бул министрликти жетектеп турду. Кыргызстан эгемендүүлүктү алган соң, министр болгон он тогуз адамдын
рейтинги боюнча баа бергенде социалдык тармактарда биринчи орунду Каныбек Осмоналиев, андан соң Чынара Жакыпова, Канат Садыков, Камила Шаршекеева, Алмззбек Бейшеналиев, Ишенгүл Болжурова, Советбек Токтомышев, Аскар Какеев, Советбек Токтомышев, Анарбек Бакаев, Каныбек Исаков, Досбол Hyp уулу, Гүлмира Кудайбердиева, Мустафа Кидибаев, Эльвира Сариева, Турсунбек Бекболотов, Мукаш
Базаркулов, Болот Купешов, Абдылда Мусаевдер ээлешкен.
4. Каныбек Осмоналиевдин төртүнчү керемети: Жөндөмдүүлүгү!
Эмнеге болсо да жөндөмдүү Каныбек Осмоналиев учурунда бешинчи чакырылыштагы парламенттин депутаты болгон. Саясий интригалар быкшып турганда, кыргыз элине жаңы кереметти, акыйкаттык доорунун ачкычын тартуулаган Каныбек Осмоналиев «ачыла элек сандыктай» эле. Ал ушул доорду алаканга салып чапчыган Убактылуу Өкмөткө каршы күрөшкөн бирден-бир депутат болгон. Айланасынын баары Атамбаевге бүгүлүп барып
кошомат айтып жатканда, ал тарапка карап койбой элдин келечеги үчүн телекөрсөтүүдө «Илим жана турмушту» алып барып жаткан. Ага да ыраа көрбөй ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин «кол баласы» КТРКнын
башкы директору Илим Карыпбековду көкүтүп, бул жерден кодулап, ал кетүүгө мажбур болгон. Каныбек Осмоналиев көп дурус бурулушту алып келди. Анын айткандары боюнча акыйкаттыкты «бышырганыбыз»
чындык, анын айтылган таамай ойлорун ушул кунгө чейин бута кылып алабыз. Жетелесе «төө сыяктуу» кете бергендер бар. Саясат самсаалап келип алардын дал өзүнө минип алат. Ушундай оор сыноолордо өзүн
патриотмун деп эсептеген кыргыз жигиттери мекени үчүн туруп, өз ишин илгерилете берет. Ал эми кээ бирөө «Күн тийген жердин күкүктөрүнө» айланышат. «Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар»- дейт. Деги
күкүккө айланбай, жакшылап ачыла турган учур келген эле, Каныбек Осмоналиев аны бекер кетирген жок. Ал мансапты көздөй шашпай, элдин батасын алууга шашкан. Тилеги орундалды...
5. Каныбек Осмоналиевдин бешинчи керемети: Жөнөкөйлүүлүгү!
Каныбек Осмоналиевдин сыртынанбайкаган адамга жөнөкөй, карапайым адам. Соцтармак беттеринде ким менен болсо да пикирлеше алат. Башка министрлердей кейкейбейт, манчыркабайт, мындай адамдар тууралуу «оорду колдон алып, жеңилди жерден алып» деп коюшат. Автобустарда отуруп терезеден көчөгө баам салып карап калабыз, Каныбек мырзанын эл менен кошо жөө-жалаңдап бара жатканын көп эле байкадык. Биз тааныган көп адамдар бар, бирөөнү да эл менен бирге жөө-жалаңдап жүргөнүн көрө алган жокпуз. Европада министрлер велосипедчен эле жүрөт экен. А бизде болсо «ок өтпөстөргө» минип алган көпөстөр, буржуйлар толтура. Бир гана көпчүлүктүн арасында «ак карга» болуп Каныбек Осмоналиев эл менен аралашып, эл шашса шашып, эл каалгып басса, каалгып басып жүрөт.
"Эсенбай эсепчи"тууралуу кыска материалдар соцтармактарда жаралганда Каныбек Осмоналиевдин эсепчилерге болгон кызыгуусу күч экени билинди. Биз ал кишинин мындай дараметин жогору бааладык.
Мен ушул китеп толугу менен бүткөндө ал кишиге тартуулап коюну милдет кылып койгом. Аңгыча ал киши кыргыз тилин өркүндөтүү боюнча Кыргызстандагы бирден-бир адамга айланды. Албетте, кыргыз тилинин
маселелери абдан көп, бирок кыргыз элинин эсепчилери так ушул кыргыз тили менен терең байланышта. Анткени кыргыз тилинин жоголушу менен эсепчилердин аты да өчөт. Кыргыз тилинин жогорулашы менен эселчилердин кадыр-баркы жогорулап, бийиктикке өсөт. Мектеп программасында өз эне тилибизди өркүндөтүү менен катар көп иштер колго алынып жатат. Бирок да ичти ачыштырган 1-5-класстарда «Мекен
тануу», 11-класстарда «Астрономия» деген сабактар бар. Жылдыздарды санап, жылдыздар менен иш кылганыбыз тээ түпкүрдөн келе жаткандан кийин бир сабагында улуттук эсепчилердин айткан сырларын
камтый кетсек өтө жакшы болмок. Балдар дагы ааламдын сырларын биздин ата-бабалар билчү экен деп сыймыктанып калышмак. Мындан тышкары ааламдын сырларын терең билген Эсенбайга окшогон эсепчилердин негизинде эмне үчүн илимий-популярдуу чакан көрсөтүүлөрдү уюштурса болбойт?
6. Каныбек Осмоналиевдин алтынчы керемети: Акылдуулугу!
Каныбек Осмоналиев кааласа министрден баштап кайсы кызмат болсо да иштеп бермек. Анткени, азыркы президент камалып жатканда төшүн ДЗОТко тосуп аны коргоп чыккандардын ана башы Каныбек Осмоналиев
болгон. Тарых аны эч качан унутпайт. Жөнөкөй адам катары мен баланча кызматты алам деп жулунган жок. Керек болсо даяр турган мамлекеттик катчы. Бирок, элге жакшылык кылууну көп ойлогон Каныбек
Осмоналиев кыргыз тили боюнча комиссиянын төрагалыгын тандады. Кыргыз тили көргүлүктү көргөн: 1928-жылы арабдан латынга, 1941-жылы латындан орус алфавитине өткөнбүз. 1958-жылдын 14-майында БКнын
бюросу орус мектептеринде кыргыз тили окулсун деген чечимдерди кабыл алат. 1960-жылы 4-январда БКнын ошол эле бюро мүчөлөрү 1958-жылы чыккан чечимдерин жокко чыгарат. Бул токтомдор отуз жылдан кийин
1989-жылдын 23-сентябрында гана жокко чыгарылып, кыргыз тили мамлекеттик тил катары токтом кабыл алынган.
Андан соң, кагаз жүзүндө болсо да кыргыз тили мамлекетик тил болгон. Кокус ГКЧП жеңип кетсе кыргыз тили мамлекеттик тил катары кагазда эле калмак. Көп мамлекеттерде өз тили өгөй тил катары эл арасында гана
колдонулат. Ал эми «кит тил» эсептелген англис, француз, испан, кытай, орус тилдерин бийликтегилердин айлана-чөйрөсү колдонушуп, эл менен бийликтин ортосунда тымызын ажырым болот. Албетте, дүйнөлүк тил
керек, бирок кимдерге керек? Мамлекеттик жогорку кызматкерлер менен чет мамлекеттерге саякаттаган көпөстөргө. Ал эми капчыгы жука калың эл өз мекенинен чыкпаса ага кыргыз тилден башка эмне керек. Башка мамлекеттер ашына Өзбекстан, Тажикстанда титулдук тил союз убагынан бери колдонулуп келатат. Ал эми биз менен Казакстанда бул көйгөйдү жаратып келатат. Парламентте кыргыз тили күч алганы менен, бийлик
тарапта орус тилин билбегендерге басым жасалбайт. Орусияда жогорку билим алган А. Акаев, К.Бакиев, Р.Отунбаева, А.Атамбаевдер эл кыргыз тилинде сүйлөп, ал эми бийликтегилер орус тилинде сүйлөшүү учун кам
көрүшкөндөй. Алардын учурунда кыргыз тили өгөйлөнүп, кыргыз тили көп жылдар бою кагаз жүзүндө гана мамлекеттик аталып, ал эми шайлоолордо Кыргыз тил боюнча комиссия түзүлгөнү менен бийликтин жетегинде калып; кыргыз тилин билбеген кээ бирлерди деле талапкер катары өткөрүп турган.
Учурда кыргыз тилине колдоолор-көрсөтүлө баштады. Көпчүлүк президенттик жыйындар, чет өлкөлүк лидерлер менен сүйлөшүүлөр мамлекеттик кыргыз тилинде өтө баштады. Ошондуктан, кыргыз тилинде таза сүйлөөгө аракет кыла башташты. Кыргыз тилин таптакыр билбегендер кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылышып, тез аранын ичинде үйрөнүп чыкканы жакшы жөрөлгө. Кыргыз тили эми гана мамлекеттик тил
даражасына көтөрүлүп баратканда артты көздөй кетпесек экен деген тилек.
7. Каныбек Осмоналиевдин жетинчи керемети: Кадыр-баркы!
Эл арасында кадыр-баркка жеткен Каныбек агай, министрден соң парламенттин депутаты катары көптөгөн жакшы иштерге салым кошту. Депутат болуп туруп жаштардын сезимин козгогон «Илим жана турмуш»
көрсөтүүсүн алып барып жүрдү. Балким Каныбек Осмоналиев азыр да эл алдында чыгып, көрсөтүүсүн уланта берсе эл колдоп бермек. Азыр кыргыз тилинин башатында турат. Мына өлүп жок болгон ата-тегине сыймыктангандар бар. Ал эми кыргыздарда эсепчилер болгон.
Кечээ жарыкка чыга калып, бүгүнкү күнү ойду омкоруп, тоону томкоруп жаткан америкалыктар эсебин таап, эми Майя, Ацтек, олмек деген американын европалыктар бара электеги элдерине жабышып, өздөрүнүн
бүгүнкү күндөгү кадыр-барктарын көтөрүп жатышат. Эми кыргыздардын байыркы эл экени белгилүү. Америкалык окумуштуулардын айтымында олмектердин цизилизациясы биздин заманга чейин 1200-900 -жылдары гүлдөп турган. Азыркы материалдар боюнча кыргыздын биздин заманга чейинки 10 кылым мурун жашагандыгы тууралуу маалыматтар бар. Ал эми биздин заманга чейин 203 - жылы кыргыз мамлекеттүүлүгү түзүлүп, биздин элчилер Кытайга барганы тууралуу айтылат. Демек, олмектерден да кыргыздар алда канча мурун жашаган болуп эсептелинип жатат. Олмектерде сан эсеби, календарь жана иероглифиялык жазуу бар экен. Олмектердин шаарлары пирамидаларды айланта курулган экен, биздин заманга чейин 300-жылдары алардын күнү бата баштайт.
Ал эми майянын цивилизациясы олмектердин цивилизациясынан көптөгөн маданиятын мураска алып калышкан. Алар биздин заманга чейин 3-кылымда өнүгүүнүн баскычына көтөрүлөт. Майянын космогониялык
көз караштары боюнча жазуулар сакталып калган. «Попол Вух», «Чалам Балам» китептеринде аалам жогорку 13 деңгээлден жана тогуз жөнөкөй деңгээлден куралган. Дүйнөнүн борборунан сенба деген дарак өтөт.
Анын учу күнгө канаттуу куштар аркылуу жетет да, тамырлары өлгөндөр токтой турган жерлерге чейин кирипкетет. Булардын көпчүлүгүн европадан баргандар кырып жок кылышкан. Анча-мынча калган индеецтерди
резервацияга бөлүп жашаткан, мына эми уялышпай биздин маданиятыбыз деп кырылып жок болгон элдердин маданиятын ээлеп алышты. Ал эми кыргыздар болсок биздин заманга чейин Кытайда жазылып калган 10 кылымдык тарыхыбыз менен, ал эмес, ай-ааламдын сырларын билген эсепчилерибиз тууралуу ооз ача албай турабыз.
8. Каныбек Осмоналиевдин сегизинчи керемети: Мекени!
Кыргыз элинде, кыргыз жеринде төрөлүү өзү эле керемет! Каныбек Осмоналиев кыргыз элине өзгөчө сый-урмат менен мамиле кылып келетат. Анын эркин ойлору эбакта ааламды аралап калган. Кыргыз жергеси,
акактай тунук, кереметтүү жайларга бай. Арийне, ажайып кооз жерлердин салмактуусу Алайды көздөй ооп алгандай. Үч-Чат, Сары-Ой, Алай мурдаш, Чоң Алай, Аюу-Тапан, Кара-Булак, Эркечтам... Боз балдарынан өйдө
тулпарга туурасынан минип, алып, ат тизгинин тартышпай Алайда сызып бараткандай. Алайдын жери чексиз! Алайды эстегенде элин бир муштумга айланткан Алымбек датка элестелет. Ага болгон ак сүйүүсүн арман
кылып ордуна топук кылып отурган Курманжан датка элеси келет. Алай дегенде Каныбек Осмоналиевдин элеси көз алдыга келет! Аны менен бирге кыргызды ааламга тааныткан кыргыз тили бирге келе жаткансыйт.
Жакшы жасалган иштер, кээ бир адамдарды түйшөлдүрүп, түн уйкусун бузат. Ооба да, адамдарга жакшы иш кылуу эмес, жакшы сөз айтуу да оор иш болуп бараткандай. Капчыгыбыз эмес, калем сабыбыз да жаман,
негативдүү жактарды жазууда жорголоп кетип, жакшы сапатын айтууда, «куйөөгө берчү кыздай» мокок болуп калабыз. Анан калса, илгери «күйөөгө берчү кыздар» көшөгө ичинде моймолжуп отурушса, эмки күйөөгө
берип жаткан кыздар, так текедей секирип, кайын аталары менен «ламбада» тээп жүрүшөт. Заман бузулуп баратат, бир гана Каныбек агай бузулган жок. Анткени, ал өлбөс өчпөс «чыгармаларын» соцтармактарга жазып жатат. Анан да сегиз миң жыл жашап келген, миллиондогон кыргыз элинин ичинен, миндеген «ай-кашкалардын» ичинен, «жарышка түшчү буудандай» жулунуп турган Каныбек Осмоналиевдин элесин кагаз жүзундө сүрөткө түшүрүү бул оңой иш эмес! Байыркы кыргыздар: «Сулуу кыз, суусар тебетей, күлүк ат» -деп келишкен. «Сулуу кыз» болсо түшүнүктүү, «суусар тебетей» супермаркеттеги чет элдик кийимдер. Ал эми «күлүк ат» чындыгы,
манаптыктын белгиси болгон. Эртең менен Ат-Башыдан чыккан күлүк, ээсин кечке жетпей Токмок базарына жеткирген учурлар болгон. Азыр «бронежилет» кийип, брондолгон автомобилдин алдыңкысын минип кээ бирөөлөр түшкө чейин Бишкекке араң жетет.
9. Каныбек Осмоналиевдин тогүзунчү керемети: Калыстыгы!
Ал тил комиссиясынын туу чокусунда жүрөм деп чиренбей, калыстыкка барып калайык-калк менен тил табышууга жетише алды. Калыс адамды тандап атайын тилди өнүктүрүүгө койгондой. Өз тилибизди бурмалап,
кээ бир сөздөрдү жерип, араб же орус акценти менен сүйлөгөндөн эмнени утуп жатабыз? Кыргыз тили оңой тил эмес: «Казактар - боорум, өзбектер-тагам, түркмөндер-жакыным, кыргыздар - бабам» деген макал
бар.Түрк тилдүү элдердин катарында өлүп жок болгон көптөгөн элдерден тышкары азыр да элүүдөй эл бар. Өз алдынча мамлекет түзгөндөрү Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, андан
тышкары Орусиянын курамында автономиялык республика түзгөндөр: Татарстан, Башкортстан, Крым, Якутия, Хакасия, Тува, Кабардин-Балкар, Карачай-Черкес, Чувашия, Өзбекстанда: Кара-Калпак, Кытайда: Уйгур-
Шинжаң автономиялуу району. Булардан тышкары өз алдынча тилин сактап топтошкон элдер Венгрияда Мажарстан, Дагестанда кумук, Орусия, Кытайда көптөгөн түрк элдери бар.
Тилдердин айырмасына карата батыш жана чыгыш деп шарттуу аталган эки ири топко ажырайт. Батыш тобуна КЫПЧАК тилдүү: казак, башкыр, каракалпак, ногой, кумук, татар, өзбек-катагандар, өзбек-лакайлар, өзбек-дүрмөндөр, өзбек-барластар, крым татарлары, балкарлар, карачайлар жана башка майда элдер, ОГУЗ тилдүү: түрк, азербайжан, гагауз, туркмөн, салор, крым татарларынын түштүк диалектиси, караимдер, крымчактар,
чуваш, шахсевендер, кажарлар, кызылбаштар, йуруктар башка майда элдер, УЙГУР тилдүү: уйгурлар, өзбектердин отурукташкан бөлүгү башка майда элдер кирет. Чыгыш тобуна - КЫРГЫЗ-КЫПЧАК тайпасына:
кыргыздар, түштүк алтайлыктар башка майда элдер, УЙГУР-ТУКУЙ тобуна: хакастар, тувалар, якуттар, долгандар, түндүк алтайлыктар, шорлор башка майда элдер киришет.
10. Каныбек Осмоналиевдин онунчу керемети. Көрөгөчтүгү!
Тарыхтын оомал-төкмөл кезеңдеринде калкына калканч болуп, «Телиген таптап куш кылган, тентиген элди журт кылган» Айкөл Манастай эр азаматтар чыккан. Канжыгага баш байлап, караңгыда жол тапкан
кыраандардын өмүрү адатта кыска болот. Тагдыр аларга алптардын жүгүн артып, катаал сыноого кабылта берген. Ошондой ой жеткис эрендердин эченин ойлогон ой, асыл мүдөөсунө жетпей күлгүн курагында оопат
болушу кимдин жүрөгүн сыздатпайт. Кыргыз эли абалтан журт эгелерине бай келген. Антпесе, «Манас» эпосу баштаган мухиттей асыл-мурастар, адамзатты таң, калтырат беле?
Жыйырманчы кылымда илим, маданият, искусствонун туусун көкөлөтө көтөрүп, дүйнөгө тааныткан таасын илимпоздордун жылдызы жанган. Жыйырма биринчи кылым да бул жагынан сараңдык кылбас. Деги учурду
ойлобой артыбызды ойлой турган убак келген. Артыбызда улутубуздун сыймыгы болгон эсепчилерибиз бар.
Эгер эсепчилерди илимий жолго салса, элдик жыл эсеп боюнча мындай:
13/XII - токсон түшөт; 8/I - кыш чилде башталат; 18/II - кыш чилде аяктайт; 13/III - токсон аяктайт; 21/III – жазгы күн-түн теңелет; 22/VI - эң, кыска түн; 8/VII - жай чилде башталат; 18/VIII - жай чилде аяктайт.; 23/IX - күзгү күн-
түн теңелет.
Ал эми жай чилденин бөлүнүшүн элибиз төмөнкүдөй жол менен сүрөттөшкөн: Чымыран, Бууланг-дуулан,Саратан, Сайроон
18-июнь. Үркөрдүн чыгышы; 10-сентябрь. Каркыранын өтүшү; 6-7-октябрь. Кыш кыроосу; 17-октябрь. Бугунун ооз чайкаары. Үшүк.
Азизбек Келдибеков
Булак: NazarNews.kg