www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Террорчулук менен күрөштө Түркия чын-чынына келгенде АКШ менен кармашып жатат. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлунун айтканын РИА Новости жазды.

Буга чейин ал АКШны алардын мамлекетинин чек арасында террордук өлкөнү түзүүгө кылган аракети үчүн күнөөлөгөн.

Стамбулдагы былтыркы теракттан кийин министр Анкара аларга багытталган Вашингтондун көңүл айтуусун кабыл албастыгын билдирген. Өткөн аптада жаштар менен жолугуп жатканда Сойлу АКШ "кадыр-баркынан ажырап бара жатканын", бүт дүйнө "Американы жек көрөрүн", ал эми Европа штаттардын "кол баласы" болуп калганын айткан. 

Сойлу бул ирет Анкара террордук уюмдардын изине түшкөнүн айтканын Ulusal TV жарыялады.

"Биз баарынын изине түшөбүз. ФЕТӨ, Күрдстан жумушчу партиясы, "Ислам мамлекети"* сыяктуу уюмдардын изине түшөбүз. РПК менен күрөшпөй, АКШ менен күрөшөбүз. Муну түшүнбөгөндөй ошончолук аңкообузбу? Аны билип эле турабыз. АКШ ал жакта террордук мамлекет түптөөгө аракет кылып жатат", — деген Түркиянын ИИМ жетекчиси.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости