www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов жетектеген Кыргызстандын делегациясы Түштүк Кореяда иш сапары менен болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Аида Исмаилова билдирди.

Сапардын максаты өлкөнүн текстиль өнөр жайынын потенциалын изилдөө жана Корея-Кыргызстан Технологиялык консультациялар жана окутуунун гранттык долбоорунун (TASK) алкагында кореялык технологияны колдонуу менен Кыргыз Республикасында текстилдик буюмдарды биргелешип чыгаруу боюнча жана контракттарды түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдөө болду.

"Иш сапардын алкагында 22-августта Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов менен Боёк жана дизайн технологиялары институтунун (DYETEC) президенти Хонг Сан Му мырзанын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга ошондой эле «Кыргыз өнөр жай» ААКнын президенти Ж.Абдураимов, Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы Элчиси А.Исмаилова жана Кыргызстандын текстиль жана тигүү ишканаларынын өкүлдөрү катышты", - дейт элчи.

Жыйындын жүрүшүндө министрдин орун басары Канат Абдрахманов Кыргызстан артыкчылыктуу тармактардын бири болгон, экспорттук потенциалы жогору жана социалдык мааниси чоң, калкты жумуш орундары менен жогорку иш менен камсыз кылуучу жеңил өнөр жайды өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

"Мындан тышкары, ал TASK долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле « Кыргыз Республикасында 2024-2028-жылдарга туруктуу жеңил өнөр жайды өнүктүрүү үчүн текстиль өндүрүшүнүн санариптик технологиялары боюнча кызматташуу боюнча кыргыз-корей борборун түзүү» гранттык долбоорун жалпы суммасы 8 млн. АКШ долларды түзгөн илгерилетүүгө үмүттөнөрүн билдирди. Ал Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы Элчилигинин көмөгү менен Кореянын илимий мекемелери менен биргеликте даярдалып, азыркы убакытта корей тараптын кароосунда", - деп билдирди элчи Исмаилова.

Ошондой эле, кыргыз делегациясы иш сапарынын алкагында Кореянын алдыңкы текстиль ишканаларында болуп, алдыңкы тигүү технологиялары менен таанышып, андан тышкары Эл аралык текстиль көргөзмөсүнө катышты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости