www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын ректорлору жана проректорлору менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө сот системасы менен университеттик коомчулуктун ортосундагы өз ара аракеттешүүнү тереңдетүү маселелери талкууланды.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев, Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова, Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Сулайман Мыкыев, төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Эркин Токтомамбетов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Аппарат жетекчиси Каныбек Масалбеков катышышты.

Жогорку сот өзүнүн имаратында өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын жетекчилерин чогултуп, студенттердин практикалык даярдыгы боюнча биргелешкен илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүү жана эксперттик тажрыйба менен алмашуу маселелерин талкуулады.
Бул жагынан алганда, заманбап сот системасы болгону юристтерге гана муктаж эместигин өзгөчө белгилөө маанилүү. Сот системасына ошондой эле массалык маалымат каражаттары жана коомчулук менен иштөө, бюджеттик пландоо жана финансылык көзөмөл, санариптик платформалар, киберкоопсуздук, аналитикалык жана маалыматтык системалар боюнча адистер да керек.

Ошондуктан бүгүнкү жолугушууга юриспруденция багыттары болбогон, бирок сот системасы үчүн зарыл болгон жогорудагы адистиктер боюнча студенттерди даярдаган университеттердин жетекчилери жана өкүлдөрү дагы чакырылган.
Жолугушууга төмөнкү алдыңкы жогорку окуу жайлары жана илимий мекемелердин жетекчилери катышты: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, «Ала-Тоо» эл аралык университети, Ош мамлекеттик университети, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргызстан эл аралык университети, Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы, Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети, Борбордук Азиядагы Америка университети, Борбордук Азия университети.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев сот системасы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоонун маанисин баса белгилеп, келечектеги юристтердин кесиптик сапаттарын жөн гана аудиторияда гана калыптандырбай, аны сот системасынын чыныгы практикасында тажрыйба топтоого мүмкүндүк берүү жагын айтты. Ал ошондой эле алдыңкы жогорку окуу жайлар менен системалык кызматташтык мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн жана укуктук системаны бекемдөөнүн стратегикалык фактору экенин белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтык үчүн негизги механизмдер белгиленди:
Медербек Сатыевдин айтымында, келишимдердин ийгиликтүү аткарылышында жогорку окуу жайлардын жетекчилиги чечүүчү ролду ойнойт. Анткени, окуу жайлардын жетекчилеринин башкаруу чечимдеринен практиканын билим берүү процессине канчалык терең интеграцияланарын аныктайт. Ал университеттердин узак мөөнөттүү кызматташтык моделин түзүүдө активдүү позициясына үмүтүн билдирип, бул өз ара жоопкерчиликке жана өлчөнүүчү натыйжаларга алып келээрин кошумчалады.
Ал эми жогорку окуу жайларынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыевге ыраазычылыктарын билдирип, сот системасынын тарыхында биринчи жолу Жогорку соттун аянтчасында өлкөнүн алдыңкы университеттери чогултулуп, актуалдуу жана көйгөйлүү маселелер талкууланганын белгилешти.

Жолугушууга катышкандардын пикиринде, Жогорку сот менен университеттердин системалык кызматташтыгын түзүү өлкө боюнча юридикалык кадрларды даярдоодо бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгууга негиз түзөт, бул өз кезегинде соттук практиканын сапатына жана коомдогу укуктук маданият деңгээлине оң таасирин тийгизет.
Мындан тышкары, катышуучулар Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен байланыштырып, сот системасынын, илимий коомчулуктун жана өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катыша турган улуттук илимий-практикалык конференция өткөрүү демилгесин көтөрүштү. Мындай иш-чараны өткөрүү конституциялык өнүгүүнүн, укук колдонуу практикасынын актуалдуу маселелерин талкуулоого жана мыйзам үстөмдүгү принциптерин бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү, туруктуу диалогду сактоо жана сот системасынын кесиптик потенциалын чыңдоо тууралуу макулдашышты.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайлары менен студенттерди практикалык даярдоо боюнча келишимдерге кол койду.
Мындай кызматташтык сот адилеттигин жогорулатуу, соттук практиканын бирдейлигин камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын сот системасы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча маанилүү кадам болуп эсептелет.
Иш-чаранын соңунда бардык өнөктөштөргө сот системасынын атынан эстелик катары чакан белектер тапшырылды.