www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кумтөр орду толгус оор жоготуу, ал аңда бир дагы микро организм жашай албайт. Мындай пикирин Ысык-Көлдүн "Тескей Жээк" этномаданий туристтик дестинациясынын төрайымы Жылдыз Асанакунова өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
"Урматтуу эл журт!
Кыргыз эли кылымдар бою бакубат жашоодо, тоо койнунда миллион долларлары жок эле боз үйдө, көчмөн маданияттын туу чокусунда жыргап, куунап табият менен тап-таттуу мамиледе жашап келбеди беле...
Кумтөр орду толгус оор жоготуу, ал аңда бир дагы микро организм жашай албайт.
Кыргыз жерин Манас атабыз канчалаган диний агымдардан, калмак, кытайларды сүрүп чыгып жылдап салгылашып бошоткону эпосто даана так жер суу аттары менен жазылып турат го…
Манас эпосубуз Юнеского бейзаттык маданий мурастар тизмесине кирген, документтерди 58 мамлекеттен турган комиссия текшерип, дүйнөдөгү уникалдуу ооз эки чыгарма деп дүйнө элдери талдап, таанып жүрсүн деп киргизген.
Кыргыз жеринин элибиздин тарыхы таамай так жазылып, эчен кылымдар бою ооз эки айтылып, көчмөн эл менен жашап келген дүйнө жүзү үчүн баалуу чыгарма, кыргыз элинин энчисине Манас кыргыз элиники Кытайдыкы эмес деп бекиткенин баарыныздар билесиздер. Ошондон бери комиссиядагы кытайлар кыргыз элинин жетишкендиктерине добушун бербейт имиш. Тээ түпкүрдөкү тарыхы", - деп жазган ал.
Булак: NazarNews.kg