www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы премьер-министр Акылбек Жапаров менен журналисттердин жолугушуусу боюнча комментарий берди.

Маалыматта «Акылбек Жапаров менен маектешүү үчүн журналисттерден, блогерлерден жана активисттерден көптөгөн арыздар түшкөнү» белгиленген, ошондуктан 5-июлда министрлер кабинетинин төрагасы менен медиа коомчулуктун жолугушуусу уюштурулган.

Президенттик аппарат "бул Жапаров менен акыркы жолугушуу эмес, келечекте дагы башка жолугушуулар уюштурула турганын" кошумчалады.

Жапаров менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу кечээ, 5-июлда «Дасмия» ресторанында болуп, анда министрлер кабинетинин башчысы министрлер кабинетинин иши жана пландары боюнча суроолорго жооп берди. Жыйындан кийин айрым маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жыйынга бардык эле басылмалардын өкүлдөрү чакырылбаганын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости