www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-апрелде, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду министрлер кабинетинин жетекчиси менен макулдашуу боюнча, мыйзамдардын бардык жол-жоболоруна ылайык Жарасул Осмоналиевич Абдураимовду «Кыргызалтын» башкармалыгынын төрагасы болуп дайындады Жарасул Абдураимовду «Кыргызалтын» жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тааныштырды.
Абдураимов Жарасул Осмоналиевич, 1960-жылы Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында туулган. Үй-бүлөлүү. Эки кыз, бир уулдун атасы. Свердловсктогу Киров атындагы Урал политехникалык институтун “электрондук жабдуулардын инженер-механиги” адистиги боюнча бүтүргөн.
1990-жылдардан тарта өлкөбүздөгү ири заводдорду жетектеп келди. 2013-жылдын сентябрынан 2015-жылдын апрелине чейин “Кумтор голд компаниде” эмгектенген. Директордун жергиликтүү камсыздоону өнүктүрүү боюнча орун басары, ошондой эле ”Ысык-Көл облусунда өнөр жайды өнүктүрүү жана жумуш орундарды түзүү” долбоорун жетектеген.
Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин Техникалык жөнгө салуу башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган. Азия өнүктүрүү банкынын “Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү- мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жана тобокелдиктерди жоюу” долбоорунда Кыргызстандын өнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча эксперт болуп иштеген.
2019-жылдын май айынан сентябрь айына чейин экономика министринин коомдук башталышта кеңешчиси болгон. 2020-жылдын октябрь айнан 2021-жылдын июль айына чейин өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган. 2021-жылдын июль айынан 2022-жылдын январь айына чейин КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары болуп эмгектенип келди. Учурда “Кыргызиндустрия” ААКны жетектейт.
Булак: NazarNews.kg