www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын түбүнө, кыргыз эле жетет

Тилекке каршы, эч ким убалдан да, Кудайдан да коркпой калды. Пайданы эле ойлоп бир тыйындын аркасынан кууган заман. Элдин ден-соолугу эч кимди ойлондурбайт. Биз бүгүн, жалаң эле химикатка ууланган продукция жеп жатабыз. Малга чейин дары менен семиртип калышты. Ким көзөмөл кылат?!

Эми анысы аз келгенсип, «өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип» эч уруксаты жок эле тиш дарылагандар көбөйүптүр.

Жалал-Абад облусундагы стоматологиялык клиникаларга УКМК текшерүү жүргүзүп, 122 жеке менчик стоматологиялык клиниканын 78нин лицензиясы жок экени аныкталды. 

Башкача айтканда булар юстиция жана салык органдарында катталбай, өзүм билемдик кылып кирешесин «сол чөнтөккө» салып келген.

Мындай клиникалардагы антисанитариялык абал В жана С формасындагы вирустук гепатиттин жайылуусуна себепкер болгон.

Негизи, кыргыздын түбүнө, кыргыз эле жетмей болду.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун, Жалал-Абад шаарынын аймагында стоматологиялык клиникалардын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзгөн. Жыйынтыгында, 122 жеке менчик стоматологиялык клиниканын 78и тиешелүү лицензиясы жок иштеп жүргөндүгү аныкталган.

Текшерүү учурунда аныкталгандай, адамдардын көпчүлүгүнө протездөө, имплантация, тиштерди жулуу жана башка ушул сыяктуу жогорку адистештирилген стоматологиялык кызматтарды көрсөтүү үчүн тиешелүү сертификаттары, атайын жогорку билими жок стоматологиялык кызматтарды көрсөтүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости