www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттары "согуштан чарчаган дүйнө" Кытайдын россия-украин чатагын жөнгө салуу боюнча планын колдоого алат деп кооптонууда. Бул тууралуу Bloomberg билдиргенин "Коммерсант" жазды.

Вашингтон Пекиндин планы Россиянын гана кызыкчылыгын көздөйт деген шылтоо менен аны сынга алган. Ал эми Москва кытай планын абалды жөнгө салууда негиз катары кароого даярдыгын билдирген эле.

Басылманын Америка администрациясындагы маалымат булагы АКШ "Кытайдын планы өлкөнү жарга такайт деп чочулап жатканын" белгилеген.

"Кандай гана жүйө келтирбесин АКШнын пландан баш тартышы Кытайга согуш менен экономикалык кыйынчылыктан чарчаган мамлекеттерге Вашингтон дүйнөдө тынчтык орношуна кызыкдар эмес экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк берет", — деп жазган басылма.

 

Мурда Пентагондо иштеп кеткен Стратегиялык жана эл аралык изилдөө борборунун илимий кызматкери Бонни Ли эгер АКШ сунуштан баш тарта турган болсо, Кытай Вашингтон "согуштун бүтүрүүгө каршы" экенине басым жасай бере турганын белгилеген.

Кытай Украина боюнча тынчтык планын 24-февраль күнү сунуштаган. 12 пунктудан турган документте согуштук аракеттерди токтотуу да каралган. Кытай бийлиги тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштап, бир тараптуу санкцияларды токтотуу керек деп эсептейт. Буга катар Украина эгинин ташууга кепилдик берилип, стратегиялык тобокелчиликтерди азайтуу зарылдыгы белгиленген. Сунушта аскер күчтөрүн чыгарып кетүү жана аймактардын кайсы бир тарапка таандык экени тууралуу айтылган эмес.

АКШ президенти Жо Байден Кытайдын планы Россияга гана пайдалуу экенин билдирсе, Украина башчысы Владимир Зеленский Пекиндин сунушу конкреттүү план эмес, ушул багыттагы ой толгоо деген пикирин айтты. РФ президенти Владимир Путин Кытай лидеринин Москвага болгон сапары учурунда Пекиндин сунушун абалдан чыгуу үчүн негиз кылып алууга даяр экенин белгиледи.

 

Последние новости