www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясынын сайтында Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде салына турган гүлбакчанын эскиздери жарыяланды.

Муниципалитеттен белгилешкендей, бул жерде жакында шаардыктар үчүн жайлуу, жашыл аянт пайда болот. Ыңгайлуу болуш үчүн коомдук даараткана, гүл сатуучу павильондор, биргелешкен дизайндагы гезит күркөлөрү, отургучтар орнотулуп, бак-дарактар тигилет. Аялдаманын ордуна жол тыгынын азайтуу пунктун жасоо пландалууда.

Учурда жеринде эски тосмолор демонтаждалууда. Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жаңы салына турган эс алуу аймагын көрктөндүрүү үчүн жеринде көчмө жыйын өткөрдү.

Гүлбакчанын эскиздик долбоору мэриянын тапшырмасы менен "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости