www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-мартта Бишкек ШИИБдин кызматкерлери тарабынан Гагарин-Некрасов көчөлөрүнүн кесилишинде ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда жарандын унаасын тинтип жаткан жарандардын видеосу тараган.

Бишкек ШИИБдин маалыматына ылайык, бардыгы тергөө буйругунун негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн. Учурда шаардык милициянын ички иликтөө бөлүмү ыкчам кызматкерлердин аракетинде мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча кызматтык иликтөө иштерин баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости