www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын унутта калган каада-салттарын билесизби?

Сарпайы кийгизүү

«Кан баласы Каныкей,

Чорого сарпай жабам - деп,

12ден топчу кадаган, Мылтык огу жадаган,

Жакасы алтын, жеңи жок,

Алып жапты сарпайды» (Манас)

Бул - биринчиден, сырт кийим. Экинчиден, бут кийимдин аталышы. «Тукабадан сарпай кийигизип, туугандыгын билгизип», - деп да айтылат. Кымбат кездемеден тигилип, урматтууларга, куда сөөктөргө ж.б.ларга урматтуулар тарабынан баштан аяк кийгизилүүчү кийими, каада-салт күтүүнүн жогорку чеги...

Жаштын тилегин берүү. Бул - адамдын алга карай, илгери үмүткө үлгүрүүсү. Ошондой болууга кылган аста-секин ички аракеттери, инженер болсом», «врач болсом», «мугалимдикти сүйөм», «журналист аталсам» жана башка жаштык кыял чабыттарынын адамдардан өнүп чыга келүүсү. Жаштык тилек таттуу тилек, максаттуу эмгек. Келечегине кесип тандоосу, анысы дал келүүсү...

Эл ичинде миң киши, үйгө келсе бир киши. Бул - адамдардын сапаттарына карата айтылуусу. Айрымдар элдик аталып, калк аралоосу. Айрымдар калк арасында кадырлуу, барктуу-нарктуулугу. Үйүндө, өз чөйрөсүндө катардагылардын бири, жөнөкөй көрүнүүсү, саналуусу.

Жалгыз аттуулар, жайдак тондуулар эл ичинде өзүнүн өнөрү, чегелүүлүгү, айлакер, амалдуулугу, туурадан сөз тапкандыгы, туюктан жол чапкандыгы, чебердиги аркылуу «топ бузуп», ошонусу менен алыс-жакынга бирдей таанылуусу.

Мисалы, Жейренче менен Куйручук, Жоошбай, Шаршен, Мидин, Байдылда өңдүүлөрдүн атак-данктары артылып барууда...

Устукан шайлоосу. Бул - наркты-салтты сактоочулук. Кыргыз Атада мал союусу, келген меймандарды сыйлоосу, аш-тойлорду өткөрүүдө, ошого карата тартылуучу табактардын сыйлуулугу. Мындан ич ара бири-бирине тап жылдырбоолору, ата-баба ар-намысына доо кетирбөөлөрү. Келген адамдардын жаш өзгөчөлүгүн эске алуулары, ошого жараша ага устукандын ылайыкташкандыгы, табакчы (чыгданчы) алдын-ала билип туруусу.

- Үйгө кимдер кирди?

- Токтонаалы карыя. Аа, ага жамбаш ылайыктуу.

- Дагы кимдер олтурат?

- Ага жото жилик шарттуу.

- Алтынай байбичеге куймулчакты коёлу.

- Ага тыштуу кабырга, беркиге каржилик.

Мына ушундай жол-жоболордун жеринен шартталып келүүсү аркылуу элибиздин ызаатын билдирүүсү. Бодо эти менен жандыктын этин тартууда өзүнчө аксакал устукандардын бардыгы. Төөдө, жылкыда, уйда, топоздо уча, бел арка, моюн арка, жамбаш, тыштуу кабыргалар барктуу туруусу.

Устукан мүлжүүсү. Бул - Кыргыз Атанын жакшы адаты. Элибиз беш түлүктү бел тутуп, андан ар кандай азыктарды камдагандыктан, мал союунун, аны мүчөлөп бузуунун, ойдогудай бышыруунун, устукандоонун, ар бир адамга улуулата-кичүүлөтө эт тартуунун маданият жагынан укмуштай салтты-наркты сактообуз.

Устукан алууда, мүлжүүдө:

Биринчиден, этти итче тиштебей, жулкуп-булкубай, этин бычагы, макиси менен шашпай кыя кесип жешти билүүсү;

Экинчиден, бирөөгө устукан сунууда сөөктү жыланачтап жибербөөсү;

Үчүнчүдөн, устуканды «бөрү мүлжүш» кылбоосу, таптаза кылуусу, (Бөрү мүлжүш - сөөктү чала-чарпын, шашып-бушуп мүлжүш).

«Сөөктү таптаза мүлжүгөн адамдын кызы сулуу болот» деген ишенимдин бардыгы. Ачарчылык сөөктү таза мүлжүбөөдөн экенин абалтан ата-бабалар эскертип келүүлөрү.

Аксакалдарга төр, жаштарга жол. «Карылар ашка, жаштар ишке». (макал)

Бул ич ара ызаттоонун жана бир мыкты белгиси. Кыргыз Атадан кезегинде карыялар, байбичелер укмуштай сый-урматка татып туруусу. Кичүүлөр алардын алдында кыя өтпөөлөрү, тик акаарат сүйлөбөөлөрү, төрдүн төбөсүнө чыгаруусу, ким болсо да «алдына аш, эки колун бош коюусу».

Анткени, алардын өз учурунда адамдык касиети, каада-салтты талаптагыдай өтөөлөрү, ошол нарк-назилди кийинкилерге нарктап-барктап өткөрүп берүүлөрү. Ал мындай тер, таман акысы аркылуу ушул кан жолдон тайбай, жаштары андан ары улап кетүүлөрү.

Ошентип, карыялары ойлогон оюна, тилеген тилегине, максаттарына жетүүлөрү. Демек, мындай көрүнүш улуулардын жолу улуктугун билдирүүлөрү.

Жаман туугандан жакшы кошуна артык. Бул - ата-бабадан келе жаткан ак сөз.

Биринчиден, кирди-чыктысы бирдиги, дасторкондошу, келди-кеттилерди бирге тосуучулугу, узатуучулугу. Т.а. биринин жакшылыгын-жамандыгын тең көрүшүүчүлүгү.

Экинчиден, кээ туугандардын жөнү жок болушу, алды-бердини, жакындык жагдайын билбегендиги, бир гана баягы тууган атын сактоочулугу. Ошон үчүн кошуналык милдети күчтүүлүгү, аны ыраазы кылуу зарылдыгы... Мунун экинчи түшүнүгү: «Алыс туугандан, жакын кошуна артык», - дегени.

Бирөөнүн тамак-ашы бирөөгө таңсык. Кыргыздар - жаратылышынан берекелүү калк, кирди-чыктыларга дасторкону жайылуу, маңдайы жарылуу, оту ойноп, кабагы жайнап туруусу. Конок келсе, ырыскы кошо келээрдиги. Ошондуктан бирөөлөр үчүн эшигинин ар дайым ачыктыгы.

Башкаларга даам таттыруусу. Даам татуусу аркылуу досунун ашын касындай жеп берүүсү. Ушундан атайын уюшуп тамак ичүүсү. Т.а. деңгене жешүүлөрү, жоро ичүүлөрү, шерине берүүлөрү пайда болуулары.

Экинчиден, тамак бар жерде дымак бардыгы. Бала-бакыралардын бир жайда болуулары, алардын ынтымактарынын ширелүүсү, турмуш-тиричиликте, ырыс-кешикте ортоктоштугу...

Баш маанек кылуу. Бул - бир орунга байырдоосу. Ошол жерден орун-очок алуусу. Аны айыл үстү кабыл алуусу. «Бөлөк-бөтөн экен», - деп жерибей, ич ара батырып калуулары.

Биринчиден, ал пенде андай жагдайларга жашоо-тиричиликтеринин анча өтпөй калууларынан, жер тандап барууларынан;

Экинчиден, бирөөлөрдөн абдан ыдык көрүүлөрүнөн, куугунтукка учурашынан;

Үчүнчүдөн, өзү бир жосунсуз иш кылып, ал жайга батпай калууларынан, амалы түгөнүүсүнөн;

Төртүнчүдөн, таарынуу-урунуудан айласыз жер которуусу...

Аккан сууну арамдабоосу. «Суу жок болсо, турмуш жок» (накыл).

«Суу сыйлаган зор болоор, суу сыйлабаган кор болоор» (макал)

Кыргыздар: «Суусу түгөнгөндө, бул дүйнөдөн өтөт», - дешет. Демек, биринчиден, сууну карап түкүрүүгө, акаарат айтууга болбойт. Бул ичкен ашына түкүрүүгө барабардыгы;

Экинчиден, мелмилдеп аккан сууга таш-топурак ж.б.ларды ыргытышпаганы, ал бирөөлөрдү башка уруудай көрүнгөндүгү;

Үчүнчүдөн, мисалы, ар демелердин өлүктөрүн, акыр-чикирлерин, арам нерселерин аккан сууга агызбагандыгы (ыргытпагандыгы), шапшыбагандыгы;

Төртүнчүдөн, көлчүккө чөлмөктөтүп заара кылбоолору.

Акыры, айла кеткенде: «Аккан сууда арам жок», - деп, адамзат пенделери аны тундуруп ичүүлөрү...

Башын ачуу. Бул - эр-аялдын никесин ажыратуу шарты. Мунун төмөндөгүдөй себептери бардыгы:

Биринчиден, абалы, эри өлгөн зайыпка таандыктыгы, т.а. маркумдун ашы-жыты берилери менен төркүн-төстөрү кызынын мындан аркы тагдыры тууралуу өтүнүчтөрүн чечүү жагдайы.

Эгер кайын-журту анын башын ачкылары келсе, эмерек-кечелерден, мал-салдан өзүнө энчилүүсүн кошо ыйгаруусу. «Барган жеринде бак айтсын», - деп, айыл карыялары баталарын берип, аткарып жиберүүлөрү.

Экинчиден, балалуу аялдын башы ачылбаганы. Башын ачкылары келбесе, жесирин бирөөлөрүнө нике жаңыртуусу, андан бала чака күтүүлөрү. Демек, жакшы бүлөнү колдон чыгарбоолору...

Үчүнчүдөн, эрди-зайыптын ич ара ынтымак-ыркы келишпөөчүлүгү, акыры ажырашып тынуулары. Бул жалган жана жарык дүйнөдө эрден чыганаактардын, катын аланаактардын болоордугу. Башын ачууну бий аркылуу жүргүзүүсү.

Макала маркум Акматалиев Амантур Сейтаалы уулунун калемине таандык

Булак: NazarNews.kg

Последние новости