www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыңгыз хандын далай ийгиликтери, улуу сапаттары бизге белгилүү болсо жаманбы?

- Чыңгызхандын, Темирландын теги жөнүндө сиз "Манас жаңырыгы" телеканалында маек куруп, далай тарых китептерди алып келип, барактап окуп, күмөн санатпай далилдеп бергениңизди элибиз көрдү. Андан бери бир-топ убакыт өттү, бирок сиздин айткандарыңызды бир да илимпоз, тарыхчы талаша алган да, жокко чыгара алган да жок. Бул маалыматты кыргыз эли кантип эстен чыгарып, унутуп калды?

- Кыргыз унуткан жок. Сыргак Сооронкулов аксакал менден мурун эле санжыра менен бул маалыматты ырастап айткан. Асан Кайбылда уулу аксакал илгери, союз учурунда, санжырачы карыянын оозунан аудио кассетага Чыңгызхан кыргыз экенин айтып бергенин жаздырып алган экен. Бул кассета бүгүн да Тоту эжебиздин (Асан агайдын жубайы) колунда. Маселе кыргыз эли унутканда эмес.

1920-1935- жылдары большевиктер санжыра айткандарды камап, сүргүнгө айдап, атып, китептерин өрттөп жатты. 1980-жылга чейин КПСС, КГБ санжыра кыргыз элин бөлүп, ынтымагын ыдыратат, санжыра айткандар – эл душманы – деп аёосуз жазага тартып келди.

2010-жылы Бакиев өткөргөн ынтымак курултайда Аблесов, Карашев ж.б. дунган президентке кошомат кылып, “Кыргыз эл биримдиги” элдик кыймылдын жетекчилерин оң-сол канаттын курултайларын өткөрүп, санжыраларын тактаганы үчүн жоопко тартуу талабын катуу койгонун жалпы эл көрбөдүбү...

2015-жылы КТР дин “Улутман” берүүсүндө Чыңгызхан, Тамерлан кыргыз болгонун далилдеп айтканым үчүн алкаш президент “элдин башын айлантпасын, камагыла” деген буйрук берип, УКМК арабызга тыңчы киргизип, 2015-жылдын июнь айынан 2016-жылдын февраль айына чейин телефонду, сөзүмдүн баарын тынбай тыңшап, жашыруун жаздырып олтуруп, мыйзамга каршы эч нерсе таба албай, фальсификация жолу менен Асанов, Кадыровдорго жармаштырып, камап, эки жыл сотту чоюп, төрт жыл шарттуу эркимен ажыратпадыбы.

- Россия мамлекетинин расмий тарыхында Чыңгызхан доорун “татаро-монгольское иго” деп, Чыңгызхан мыкаачы, кан ичкич деп терс мүнөздөлөт. Бирок, кийинки мезгилде, тарыхчылар чындык андай болгон эмес – деп, эмгектерин жарыялай баштады го...

- Туура. Америкалык тарыхчы Джек Уезерфорд 30 жыл Чыңгызхан доорун изилдеп, “Чингисхан и рождение современного мира” деген китеп чыгарды (Нью- Йорк, Москва, 2017 г.). Бул китеп 30 өлкөгө 400 миң нуска менен тарады.

Бирок, кыргыз-орус достугуна доо кетпесин – деп, Чыңгызхан кыргыз экенин айткандан коркуп, кыргыз бийлиги өзү муну жашырып, айттырбай келбедиби. Бул жерде чоң саясат турат.

- Илгери, 13-15- кылымдарда жазылган тарых китептериндеги колго тартылган сиз тапкан сүрөттөрдө Иран, Орто Азия падышалары – баары ак калпак кийгенин көрөбүз. Демек, кыргыз болгону даана, ачык эле көрүнүп турбайбы...

- Ошол колго жазылган китептердин сүрөттөрүн эле көрбөй, мазмуну менен таанышсак – кыргыз жөнүндө далай маанилүү маалымат алат элек. Бирок, ал китептер бир эле даанада жазылган, өтө баалуу, бекем сакталат, эч кимдин колуна берилбейт. Колго тийсе да, перс, араб тилдерин кайсы тарыхчыбыз окуй алат?

Эми сиз айткан сүрөттөргө көңүл буралык. Төртүнчү сүрөттө (87 бет) 1265-ж. 1282-жылга чейин 17 жыл Ирандын Эл ханы Абага хандын такка олтурушу көрсөтүлгөн. Ал атасы Хулагу менен Иранга 1256-жылы келген. Хулагу Чыңгызхандын небереси, кенже уулу Тулуйдун үчүнчү баласы.

Бешинчи сүрөттө (88 бет) Абага хандын небереси Газан хан сый тамак берип жатканы тартылган. Газан хан – Ирандын жетинчи Эл ханы, 1295-жылдан баштап 1304-жылга чейин бийлик жүргүзгөн.

Алтынчы сүрөттө (89 бет) Газан хан ислам динин кабыл алганы көрсөтүлгөн.

Жетинчи сүрөттө (90 бет) Темирландын небереси, кенже уулу Шахрухтун баласы Улугбек (бакай калпак менен), үч генералы, эки мүнүшкөрү – баары калпакчан.

Улугбек 1409-ж. 1449-жылга чейин 40 жыл бийликте турган.

Сегизинчи сүрөттө (91 бет) Абулхайр хандын такка олтурушу көрсөтүлгөн, 1428-ж. 1468-жылга чейин – 40 жыл такта олтурган.

Ал эми тогузунчу сүрөттө (92 бет) Осмон империяны түптөгөн Осмон газинин инагурациясы тартылган. Оң жагында ишенип таянган үч аскер башчылары ак калпакчан турат.

Тарых илиминен кабары да, даярдыгы да жок ар бир адам ак калпак баш кийимден кыргызды тааныйт. Анткени, ак калпак, кемер кур, чач учтук, томпой-чүкөлөр, комуз – дүйнө жүзүндө кыргызга гана таандык экени талашсыз илимий далилденген чындык.

- СССР доорунда билим алган кыргыз тарыхчылардын баары КПССтин саясатына ылайык келтирилген, бурмаланган, чындыктан алыс, жасалма тарыхты окуп, калыптанган. КПССтин саясатынан башка орус мамлекетинин саясатына да ылайык, анын кызыкчылыгына жооп берген тарыхты окуган экен. Сиз муну далилдеген бир топ тарыхый булактарды айтып жүрөсүз. Айрымдарына токтоло кетсеңиз...

- Үч илимий китептен үзүндүлөрдү келтирейин. Булгакова И.В. Загадочные цививлизации прошлого. Ростов на Дону, 2012 г. 480 стр. Энциклопедия.

“По поводу того, какая цивилизация является древнейшей на планете, существуют разные мнения. Одно из них отдано в пользу цивилизации шумеров. Она появилась более 6 тысяч лет назад в районе Месопотамии. Эта цивилизация была высокоразвитой, так нужно отметить, что шумеры пользовались троичной системой счета и знали числа Фибоначчи. Именно шумерам принадлежит изобретение клинописного письма. В текстах шумеров содержится информация о происхождении, развитии и строении солнечной системы. Вообще, достижения шумеров настолько потрясают воображение, что объяснить их можно только вмешательством внешних сил.

Шумеры пришли в Месопотамию 6000 лет назад... Вероятно, страна, откуда пришли шумеры, находилась где-то в горной местности в Азии.

Шумерская цивилизация появилась в Месопотамии как уже вполне сложившаяся культура со своей письменностью. Благодаря шумерам появилось колесо. Шумеры умели производить различные сплавы, в первую очередь бронзу.

Они прекрасно разбирались в медицине, фармакологии, химии, фитотерапии... Возникли космология и космогония, первые астраномы и первые абсерватории. Первые математики тоже появились у шумеров”. – стр. 33 – 34.

Кикешев Н.И. Метаистория. Поиск прародины человечества. Москва. “Ниола-Пресс”. 2010 г. 592 стр.

“Шумерский народ возник, скорее всего, где-то в киргизской степи, на границе между длинноголовыми девнейшими индоевропейцами и короткоголовыми туранцами... Спустившись с алтайского склона и берегов реки Иртыш, они обойдя южное побережье Каспийского склона, направились в Вавилонию... Прародина шумеров располагалась в Сибири.” – стр.436;

“Византийский император Юстиниан, опираясь на древнее придание из затерянного сочинения Трога Помпея, утверждал, что клинопись (сначала идеограммы, потом иероглифы, затемь клинопись) изобретена туранцами еще до прихода в Халдею в более северных районах, где были медведи, волки и хвойные деревья» - стр. 438;

«В другой версии шумерского мифа о «золотом веке» в Великом Шумере подчеркивается, что все люди там говорили на одном языке и жили в мире друг с другом. Не было страха и зависти. Ни один человек не соперничал с другим за власть и богатство. Никто не нападал на соседа и не проливал крови» - стр. 435.

Тариел Азертюрк. Генезис тюрка и тюркского языка (на основе клинописи). Нью-Йорк. Сиэтл 2017 г. том II.

“1 aRi onalti uku berabэr – 1 улей равен 16 стрелам”, - стр. 768.

“Бир аары он алты окко барабар” шумер чопо жазуусундагы сүйлөмдүн кыргызга тиешеси барбы же жокпу?

Месопотамияда илгери да, бүгүн да калай табылган жок. Демек ал жерге колону Алтайдан алып турган.

- Кыргыздын кыпчак элинен чыккан Бейбарс XIII кылымда Египеттин султаны болгон. Чыңгызхан түзгөн империя чыгышта – Вьетнам, Корея, Камбоджа, Кытай, батышта – Дон дарыясы, Кавказ, Иран, Сирияга чейин бийлик жүргүзүп, 25 млн.чарчы километр жерде жашаган элдерди бириктирген. Мунун түпкү себеби эмнеде болгон?

- Дагы бир китептен үзүндү келтирейин. 1863-ж. Санкт-Петербург шаарында чыккан Россия академиги Григорьев В.В. жазган “О скифском народе саках” деген илимий эмгегинен (Алматы, 1998 г. «Хант», 256 стр.).

“...Кочевники физически должны быть крепче и бодрее, чем селяне и горожане, вследствие большего употребления мясной пищи, нельзя не прийти к заключению, что если – как видим это постоянно в истории – кочевые племена являлись покорителями оседлых населений, то причина этому заключалась в их относительном превосходстве над последними, как телесном, так и умственном и нравственном.” – стр. 45.

Отурукташкан элдер эч качан көчмөн элдерди багынта алган эмес – багынтыш үчүн алар менен кошо көчүп жүрүш керек эле!! Бирок, тоо шартында алар көчмөк түгүл, жөн эле жашай алмак эмес.

Ал эми көчмөндөр отурукташкан элдерди багынтып, аларды башкара алган. Адамзаат тарыхы муну такай ырастап келди.

Отурукташкан элдер бири бири менен көп согушкан: байлык үчүн, бийлик үчүн, мансап үчүн же диний араздашканы үчүн.

Дүнүйөгө кызыкпаган, бийликке умтулбаган, отурукташкан турмушту жактырбаган кыргыз эмне максат менен кайсы бир элге кол салмак эле?! Же бир дагы динге каршы чыкпаса?

“Жандуунун баары адамга шерик, чиркейге сен жан бербейсиң, аны кантип аласың?”- деген дүнүйөтааным менен жашаган кыргыз кулчулукту да жактырбаган. Тоодо көчүп-конуп жашаган кыргыз отурукташкан элдин дүнүйө-мүлкүн тартып алып эмне кылмак эле – “башына урмак беле”- “башка жүк, ашка жүк” кылып?

Тамерлан урпактарына насаат калтырган (жазуу түрүндө). «Тамерлан. Жизнь и деяние. Хроника великих завоеваний. Уложение Тимура. Алматы. ИД «Кочевник», 2003 г., 360 стр.

«Я требовал от визиря 4-х необходимых качеств:

1) благородства мыслей и возвышенность души;

2) тонкий и проницательный ум;

3) опыт и привычку жить с солдатами;

4) терпимость и способность примирить.

Я соблюдал строжайшую справедливость, чтобы избежать злоупотреблений, могущих послужить в ущерб государству» - стр. 22-23;

«Когда государство становится добычей тирании, насилий и жестокости, тогда долг каждого государя, верного законам правосудия, употребить все усилия для искоренения этих бичей, вторгаясь в страну... Такая-то любовь к правосудию внушила мне мысль освободить Трансоксанию от грабежей узбеков”. – стр.38;

“Во всех делах, касавшихся народа, правителям было приказано строго держаться в пределах справедливости. Для уничтожения нищенства я основал приюты, где бедные получали содержание” – стр.42;

“Я повелел собирать нищих во всякой вновь покоренной стране и выдавать им каждодневно порцию пищи; их отмечали особыми знаками, чтобы отнять у них возможность продолжать нищенствовать” – стр.44.

Джек Уезерфорд. Чингисхан и рождение современного мира. Москва. Азбука-Аттикус. 2017 г. 384 стр.

“Чингисхан создал несколько законов, которые должны были уберечь страну от борьбы за титул хана. Согласно этим постановлениям, хан всегда должен был выбираться курултаем, а любой член его семьи, который претендовал бы на этот титул без выборов, должен был быть казнен”. – стр. 123.

Мындай чечимдерди кыргыз Чынгызхан 800 жыл, кыргыз Тамерлан 650 жыл мурун кабыл алган!!! Мындай буйруктар кабыл алынышынын түпкү себеби – кыргыз дүйнөтаанымында жатат: “Бийлик Жаратканда, андан кийин – элде”, “Теңир теңдикти жалгайт”, “Адилет болбой эл жарыбайт. Эл байлыгы – адилет, таянычы – калыстык, келечеги – акыйкат”, “Элине пайдасы жок – тирүүнүн өлүгү” – деген макалдар муну ырастап турат.

Мурад Аджы өзүнүн “Азиатская Европа” – деген китебинде (Москва. Астрель. 2011-ж.) 1106-бетинде “Царская династия тюрков - Кыргызы” деп жазган. Себеби, кыргыздар аруу, намысты өлүмдөн өйдө койгон, жоокер, ыймандуу, көсөм, көрөгөч, олуя сымал, даанышман эл болгон. Далай кылым бир нече элдерди башкарып, падышалык кылган.

Ошол үчүн : Кыргыз эшек минген эмес, курт-кумурска, бака-жылан, атүгүл балык, ыплас чочко жеген эмес. Эч бир шартта баш кийимин алып, төбөсүн эч кимге көрсөткөн эмес, эңкейип, бүгүлүп эч кимге ийилип, кулдук урган эмес.

Көп сүйлөбөй, кыска, нуска сүйлөгөн. Жылаңач денесин эч кимге көрсөткөн эмес. (Чоң атам 80 жашында ооруп калып, келген доктур өпкөсүн тыңшайм десе, денесин көрсөтпөйм деп болбой койгон).

Кыргыз асыл тамак менен гана азыктанган: сары май, каймак, сүт, кымыз, айран, казы, карта, чучук, бозо, курут, май талкан ж.б..

Падышалардын урпактары соодагер болгонду намыс көргөн, бийлегенди да маскаропоз деп жактырбаган.

Кыргызга өлүм жазасын эч ким чыгара алган эмес, жалаң гана эл андай өкүм чыгарып, эл өзү өкүмүн аткарган (анткени падышалардын тукумуна эч ким кол сала алган эмес).

Коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун калемине таандык маек улантылат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости