www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыл башы менен салыштырганда, Кытай Орусиядан көбүрөөк мунай импорттой баштады. Кытайдын бажы мекемесинин соңку статистикасына ылайык, май айында Бээжин Орусиядан 8,4 миллион тонна мунай сатып алган. Бул 2021-жылдын май айына салыштырмалуу 55 пайызга көбүрөөк.
Натыйжада май айында Орусия Кытайга мунай экспорттогон негизги өлкөгө айланып, Сауд Арабиясын артка таштады. Bloomberg басылмасы жазгандай, Кытай бир айда Орусиядан 7,47 миллиард долларга мунай сатып алган. Бул апрель айына салыштырмалуу 1 миллиард долларга көбүрөөк.
Кытай Орусиянын Украинага кол салганын айыптоодон баш тарткан. Орус күчтөрү коңшу өлкөгө басып кирерден мурда, кышкы Олимпиаданын ачылышында Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен орус президенти Владимир Путин жолуккан болчу.
Украинада согуш башталгандан бери Батыш өлкөлөрү Орусиядан газ, мунай сатып алууну азайтууга аракет кылып келет.
Булак: NazarNews.kg