www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Падышанын бир күндүк кызматы жети атаңдын кызматынан артык» деген сөз кыргызда бекеринен айтылып калбаса керек. Мындай пикирин Нармамат Акыев билдирди.
«Кыргызстандын экономикасынын жарымынан көбү көмүскөдө деп айтылып келет. Орусча «теневая экономика» деп коёбуз. Кыргызчада муну жөнөкөй эле «адал оокат» жана «арам оокат» деп коёт.
Демек, Кыргызстанда иштеп, жашап келген жарандардын баарынын жеген-ичкен тамаганын, кийген кийиминин, жашаган үйүнүн тең жарымы арам. Ал эми арам оокат жеген адамдын жүрөгү, ою, амалдары, кылган иш-аракеттери, ниети, жада калса окуган намазы да эч качан адал болбойт.
Эң өкүнүчтүүсү бул көйгөйдү Чубак ажы көрүнөн тирилип келсе да чече албайт. Бул көйгөйдү чечүү бир гана падышанын колунан келет.
«Падышанын бир күндүк кызматы жети атаңдын кызматынан артык» деген сөз кыргызда бекеринен айтылып калбаса керек. Бул жөнөкөй сөз менен акылман кыргыз эли реформа жүргүзүүнүн формуласын айтып койгон.
Бул сөз менен президенттин жоопкерчилигин, анын абсолюттук бийлигин, анын күчүн, эркин көрсөтүп койгон. Бир гана кыргыз эли эмес, башкалар да ажону Кудайдын жердеги өкүлүнө теңеп келген, ошончолук сый-урмат көрсөткөн, ийменген, сыйлаган, корккон. Хандар да ошол сыйга татыктуу болгон.
Бирок азыркынын падышасы өзүнүн жоопкерчилигин сезеби? Анын бир күндүк амалы жети муунга чейин таасир этерин аңдайбы? Журт үчүн күйөбү? Арам оокатка белчесинен батып калган мамлекетти сууруп чыга алабы? Деги эле сууруп чыккысы келеби? Кеп мына ошондо», - деп белгилеген ал.
Булак: NazarNews.kg