www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Караганда облустук полиция департаменти "АрселорМиттал Темиртау" (АМТ) компаниясынын эки жетекчиси кармалганын билдирди. 10-июнда аталган компанияга таандык металлургиялык комбинаттагы кырсыктан төрт жумушчу каза болуп, дагы бирөө жараат алган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө ишкананын бир катар жумушчулары, анын ичинде өндүрүштөгү техникалардын коопсуздугу үчүн жооптуу болгон кызматкерлер суракка алынды. Топтолгон материалдардын негизинде кылмышка шектүү катары компаниянын жумуштарды коопсуз аткарууга жооп берген эки жетекчиси кармалды", – деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Полиция департаментинен кармалган кызмат адамдарынын аты-жөнүн айтуудан баш тартышты.

Мекеменин маалыматына караганда, Темиртау тергөө соту кармалгандардын бөгөт чарасын карап, тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды. Алар "курулуш иштерин аткарууда адам өлүмүнө алып келген коопсуздук эрежелерин бузган" деп айыпталууда. Эгер бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса, үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эрктеринен ажыртылышы мүмкүн.

Мындан тышкары комбинаттагы адам өмүрүн алган кырсык боюнча иликтөө жүргүзө турган атайын комиссия да түзүлгөнү кабарланды.

10-июнда "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын металлургиялык комбинатында отко чыдамдуу дубалды демонтаждоо учурунда төрт жумушчу каза болуп, бирөө оор абалда ооруканага жеткирилген. 16-июнда аталган компаниянын ЖЭБ-2 объектисинде буу казандарынын бириндеги монтаждоо иштеринин жүрүшүндө 35 жаштагы жумушчу бийиктиктен кулап дароо мүрт кеткен. Анда маркум "АМТ" компаниясына кызмат көрсөткөн AB Construction аттуу жалданма компаниянын жумушчусу экени айтылган.

Бул кырсыктардан кийин социалдык түйүндөрдө "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын топ-менеджерлерин жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан. Депутаттар компаниянын бардык өндүрүштүк ишканаларында техникалык аудит жүргүзүү зарылдыгын айтышкан.

"АМТ" компаниясынын металлургиялык комбинатынын жана башка ишканаларынын абалы тууралуу көптөн бери эле сөз болуп келет. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери аталган компаниянын объектилериндеги өнөр-жай коопсуздугунун абалы "канааттандыраарлык эмес" экенин бир канча жолу билдиришкен. Өз кезегинде компания алар үчүн айып пул төлөө менен гана чектелип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости